Европалык граждандык учактар жана компаниялар коопсуздугунун өкүлү Оливер Ардоин (Olivier Ardouin) – Ардуа – айтканга караганда, Украина үстүнөн кыйраган Пулково учагынын кыйрашы компаниянын көптөгөн эски тетиктерди пайдалануусунан улам болгон:
«Учактын кайсы бир керектүү тетиктери жакында эле шашылыш алмаштырылган. Алардын көөнө экенин көрүп туруп көрмөксөнгө салуу болгону шек санатпайт. Биз кыйрандыга учураган учакка керектелген тетиктерди баштан аяк карап чыктык. Алардын иштешин текшерүү жарым саат, бир саат мурда болгон. Ошол жолу да жешилип калган тетиктерди көрүшкөн. Компаниянын башчылыгы жаңылайбыз деп келаткандыктан жакында жаңыланат деп ойлошкон. Ошол себептүү алар кызмат өтөө учурун жазып туруучу китепти толтурушкан да эмес», - дейт европалык комиссиянын мүчөсү – Ардуа.
Баса, 22-агуста кыйраган Ту-154 ичиндеги 170 киши бүт курман болушкан эле.
«Авиасалондор» журналынын башкы редактору Александр Веловичтин пикири боюнча Евробиримдиги койгон талапты орусиялык башка учактык компанияларга койсо деле болот:
«Аба менен жүргүнчүлөрдү ташуучу орусиялык башка компаниялар катарында Пулково алардын жакшысы да эмес, жаманы да эмес. Ал компаниянын «кара тизмеге» илиниши анын учагынын жанагы (Укранинадагы – ММ) кыйроого дуушар болушунан улам болгон. Ал жолку кыйроо орусиялык жүргүнчүлөрдү тартчу башка компаия учагында болушу деле ыктымал эле», - дейт анализчи.
Кошумчалачу кеп: «кара тизмеге» учактары коопсуздук талабына жооп бербеген компаниялар алынат экен. Кара тизмеге илинген компаниялар учактарына европалык өлкөлөргө каттоо үчүн тыюу салынат экен.
Ал тизмени үстүдө жалдын март айында түзүшкөн. Ошондон бери ага катталган компаниялар эсеби 90дон ашкан. Буга дейре алардын арасында орусиялык компания жок болгон экен.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы