Азыр Ооганстанда 40 миңге жакын чет өлкөлүк аскер бар, алардын 19 миңи - америкалык жарандар. Бирок 12 миң америкалык аскер 5-октябрдан тартып НАТОнун карамагына өттү жана уюмга баш ийген күчтөрдүн саны 32 миңге жетти. Бардыгы болуп Ооганстанга 37 мамлекет аскер жиберген, алардын өзөгүн - НАТОго мүчө өлкөлөрдөн келгендер түзөт.
Ал аскерлер эми Ооганстандын чыгышындагы 14 провинциядагы абал үчүн дагы жооп берет, бирок дал ошол аймакта жашынууда деп шектелген Усама бин Ладенди кармоо милдетинен натолуктар баш тартты жана ал милдет - НАТОнун карамагына өтпөгөн сегиз миң америкалык аскердин мойнунда. Андан тышкары ал америкалык аскерлер өлкөнүн өкмөттүк күчтөрүн дагы машыктырып, аларды келечекте өз алдынча аракеттенүүгө даярдайт.
НАТОнун аракеттериндеги жаңы сапат "Төртүнчү тепкич" деп аталууда, бирок "Азаттыктын" Вашингтондогу аналитиги Амин Тарзинин айтымында, "Үчүнчү тепкич" учурунда Талибандын калдыктары кайрадан баш көтөргөнүн белгилесе болот. Дал ошол убакта өлкөдөгү америкалык аскерлердин активдүүлүгү бир кыйла азайды жана эл аралык кооомчулук Ооганстанда ийгиликке жетип жатат деп айтуу азыр кыйын: "Эки тарап тең азыр жооп издеген маселе - эмне үчүн Ооганстандагы абал биринчи эки жылда болгон ийгиликтердей жетишкендикке жете албай жатат? Азыр деле ар башка жетишкендиктерди атаса болот, бирок эң негизги тармактарда каалагандай ийгилик жок", - дейт Амин Тарзи.
Ооганстанга жакында барып келген италиялык "Панорама" журналынын кабарчысы жазганга караганда, азыр өлкөдө аракеттенген куралчан талибдердин саны сегиз миңге жетет, ал эми "ал-Каида" уюмунун террорчуларынын саны бир нече жүздүн тегерегинде. Ошондуктан 40 миңге жакын чет өлкөлүк жана миңдеген жергиликтүү өкмөттүк күчтөр аларды талкалай албай жатканын ийгилик деп атоо кыйын. СССР Ооганстанга кол салганда өлкөдө 1980-жылдарда 100 миңге жакын советтик аскер жана дагы ошончо өкмөттүк ооган күчтөрү можахеддерге каршы согушуп, аларды жеңе албай койгон.
Ооганстан боюнча орус эксперти Виктор Дубовицкий 5-октябрда жазып чыкканга караганда, советтик аскерлер ал кезде кеңири аймактарды камтыган ири аскерий операцияларды уюштурган, америкалыктар болсо азыр Оооганстанда андай аракеттерге барбайт жана негизинен абадан сокку уруу менен чектелет. Андай соккулар менен болсо тоолордо жашынган лашкерлерди жок кылуу оңой эмес, айрым учурларда болсо бомбалоодон карапайым калк да курман болуп жатат.
Андан тышкары акыркы мезгилде талибдер апийимди курал катары кеңири колдоно баштады. "Панорама" журналы жазганга караганда, колуна курал алып, чет өлкөлүктөргө каршы согушкан жигиттерге Талибан ай сайын эки жүздөн 500 долларга чейин төлөйт, лашкер окко учса, анын үй-бүлөсүнө 10 миң доллар кенемте төлөнөт.
Андай акча апийим сатуудан келип түшөт, азыр Ооганстанда апийимдин дүйнөлүк өндүрүшүнүн 92 пайызы өстүрүлө баштады. 2001-жылы америкалыктар Талибанга каршы согуш баштаганга чейин апийим өлкө аймагынын 70 миң гектарында өндүрүлгөн болсо, азыр ал аймак 165 миң гектарга чейин жетти.