Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 14:18

КАДР КЕТСЕ КАМЧЫ САП КАЙРА ЖАҢЫРАБЫ?


7-октябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилери алмашты. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин Польшада баңгизат менен кармалышына байланыштуу чатактан келип чыккан бул кадрдык алмаштырууларды оң да, терс да баалаган күчтөр бар.

Өлкөнүн чечүүчү күч министрликтеринин жетекчилери жаңыланаардан мурда Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязовдун кызматтан бошотулгандыгы тууралуу жардык жарык көрдү.

Бүгүнкү күндө бул орунга Токон Мамытовдун дайындалгандыгы тууралуу азырынча расмий тастыкталбаган жоромол айтылууда.

Токон Мамытов мурунку бийлик учурунда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап, жаңы бийлик учурунда президенттик администрацияга которулуп келген.

Ал эми кечээ күнү кадрдык өзгөрүүлөргө ылайык ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп милициянын полковниги, министрликтин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча башкармалыгын башчысы Осмонали Гуронов дайындалды.

Ал эми министр Мурат Суталинов Улуттук коопсуздук кызматынын төрагалыгына, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Артур Медетбеков анын биринчи орун басарлыгына дайындалды. Медетбековдун ордуна болсо президенттин жакын жардамчысы Бакытбек Калыев коюлду.

Бул өзгөрүүлөрдү «Реформа үчүн» кыймылдын лидерлеринин бири Мелис Эшимканов мындай баалады:

- Бул акыркы кездеги коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна, президент Бакиевдин өз коопсуздугу үчүн абдан чочугандыгына байланыштуу жасалган иштер. 2-ноябрдагы оппозициянын саясий акциялары бул кишини ушундай кадамдарга барууга аргасыз кылды. Айтор, менин баамым боюнча, президент өзүнүн жеке бийлигин күчтөндүрүү максатын көздөп жатат.

Ал эми «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев бул кадрдык өзгөрүүлөрдүн алгачкы толкуну деген пикирде:

- Кечээ күнкү кадрдык саясаттагы өзгөрүүлөр былтыркы элдик ыңкылаптан кийинки экинчи толкундун башталганын, кадрлардын мыктылары келе турган жышаанды элестетет. Менин оюмча жакынкы айларда кескин бурулуш жасап, конституциялык реформа, кадрдык реформа, экономикалык, административдик-территориялык реформаларды тереңдетүү керек.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев милиционер Мурат Суталиновдун Улуттук коопсуздук кызматына барышын мурунку каталарды улантуу катары баалайт:

- УКК Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жетекчиден өтө жолу болбой келет. Ошонун натыйжасында УКК профессионалдык деңгээли өтө төмөндөп кетти. Себеби дегенде, кыргыздын бир жакшы макалы бар «Таранчыны сойсо да касапчы сойсун» деген, бул өтө назик жактары, өзгөчөлүгү бар коопсуздук органы, аны профессионалдар башкарыш керек. Бул Суталиновго ишенбөөчүлүк эмес. Бирок ал УККнын структурасында иштеген эмес да. Ошондуктан бул баягы эле Акаевдин убагындагыдай эле кадрларды нары алмаштырып, бери алмаштырып, бир аз алаксытып, мына реформа жүргүзүп жатабыз дегендей түр көрсөтүү. Бул реформа эмес.


Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG