Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

18:00 Венеция комиссиясы конституциялык реформанын жүрүшүн талкуулайт


БИШКЕК. Венеция комиссиясынын 13-14-октябрда өтө турган кезектеги отурумунда Кыргызстандагы конституциялык реформанын жүрүшү талкууланганы жатат. Ага Жогорку Кенештин төрагасы Марат Султанов катышарын «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Бул отурумунда Венеция комиссиясынын эксперттеринин Бишкекке июль айында жасаган сапарынын жыйынтыктары да талкууланаары күтүлүүдө. Баш мыйзамдын биринчи баскычтагы долбоорун комиссия былтыр октябрь айында карап, Конституциялык кеңешменин төрагалыгын жаңы шайланган президент К. Бакиев өткөрүп алгандыгына байланыштуу өткөөл долбоор катары тааныган. Мындай сунушту юстиция министри Марат Кайыпов берген. Мурдагы делегацияны ошол кездеги ЖК төрагасы Өмүрбек Текебаев жетектеп барган.

XS
SM
MD
LG