Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

9-ОКТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1875-жылдын 9-октябрында Кокондо төңкөрүлүш жасалып, бийликти бир канча жүз кыргыздарды баштаган уратөбөлүк бек Абдул Гафар басып алган. 1852-жылдын 9-октябрында Худаяр хан баштаган баштаган кокондуктар кыпчактарды кырып башташкан.

1852-жылдын 9-октябры Курман айтка туура келген. 9-октябрдын таңында Кокон ханы Худаяр майрамдык салтанатты баштап, Ташкент беги Нурмагомеддин аскер парадын көрдү. Салтанат бүткөндөн кийин Худаяр баштаган кокондуктар кыпчактарды кырып башташкан. «Кыпчактарды үйүнөн, көчөдөн, бакчадан, ал түгүл мечиттерден өлтүрүп атышты», деп жазган кандуу окуя күбөсү.

Кыпчак козголоңунун анабашчысы Мусулманкул, хан аскерлери тарабынан кармалып, Кокон шаарында жазага тартылган. Кыпчак кыргынында жалаң эле бир этноско геноцид жасалбастан, кыргыздар да арбын өлтүрүлгөн. «Тауарих хамса» чыгармасында кабарлангандай миңдеген кыпчактар өлтүрүлүп, алардын мал, мүлкү хандык казынага тартып алынган.

1875-жылдын күзүндө Пулатхан баштаган кыргыздардын көтөрүлүшү Кокон хандыгы үчүн коркунуч жаратчу чекке жетти. Анжыян салгылашынан кийин Пулатхан убактылуу ордосун Асакедеги кыштак базарына орнотуп, хандыкка нааразы калкты кашына топтой баштаган. Анжыянга тушташ жайгашкан кыргыздар Асакеги агылып, көп өтпөй анын аскеринин саны 12 миңге чамалаган. Маргалаң шаарынын козголоңчулардын колуна өтүшү, хандыктын ички абалынын кескин начарлашына алып келген.

1875-жылдын 9-октябрында Кокондо төңкөрүлүш жасалып, Насреддин хан Хожентке качкан. Хандыктагы бийликти бир канча жүз кыргыздарды баштаган уратөбөлүк бек Абдул Гафар басып алган.

1916-жылдын бу күнү Түркстан генерал-губернатордугуна Жетисуу областынын аскер губернатордунунан телеграмма түшкөн. Телеграммада Пржевальск уездинде жашаган дыйкандардын бөлүнгөн турак-жайлары жана азык-түлүк, кийим-кечеге болгон оор муктаждык туурасында кабарланган. Буга чейин губернатордук тарабынан көрсөтүлгөн 1000 рубль көлөмүндөгү жардам сарпталып, акча тартыштыгына байланыштуу жардам берүү зарылчылыгы белгиленет.

2003-жылдын 9-октябрында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйын имаратында «Баткен-2003» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө тематикасы Өзбекстан көмгөн миналардан курман болгон жана жабыр тарткан кыргызстандыктардын кайгылуу тагдырына арналган.

Бу күнү, 1201-жылы француз теологу, Париж университетинин негиздөөчүсү Робер де Сорбон, 1547-жылы испан жазуучусу Мигель де Сервантес, 1879-жылы немец физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Макс фон Лауэ, 1926-жылы советтик актер Евгений Евстигнеев жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков, Бишкек
XS
SM
MD
LG