Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

18:00 Башкы прокуратура: Орусия Березовскийди кармоону сурап кайрылган эмес


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн кечке жуук билдирүү таратып, Борис Березовскийдин Кыргызстанда болгондугун жокко чыгарды. Анда белгиленгенге караганда депутат Болот Шерниязовго жолдогон катында баш прокурордун орун басары Александр Нефоросных 29-30-июлда «Лондон-Бишкек», «Бишкек-Лондон» сапары менен келип кеткен учакта Борис Березовский болгон эместигин чегара кызматы тактаганын айтат. Бүгүн эртең менен Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов эки жүргүнчү "Глобал Экспо" учагы менен Лондондон Бишкекке келишкенин, бирок алардын ким экендиги жашыруун сакталганын, кийинки иликтөөлөр ошол эле учак менен Валиев аттуу бир жүргүнчү кайра Лондонго кайтканы аныкталганын айткан. Ал эми экинчи жүргүнчүнүн аты-жөнү азыр такталып жатат, деп билдирген Мелис Эшимканов.

Депутат Болот Шерниязовго жолдогон катында баш прокурордун орун басары Александр Нефоросных Орусиянын күч органдарынан Кыргызстандын күч органдарына Бишкекке келип калса Борис Березовскийди кармагыла деген атайын кайрылуу болбогонун да маалымдаган.(BuS)

XS
SM
MD
LG