Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

8:00 “Пирамида”: “Биздин жабылышыбызга президент Бакиевдин өзү кызыкдар болушу ыктымал”...


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында “Реформа үчүн” кыймылынын, саясий партиялардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү пикет өткөрүшөт. Анда “Пирамида” телерадиокомпаниясынын жана башка маалымат каражаттарынын айланасында түзүлгөн соңку кырдаал, мамлекеттик телерадиокомпанияны коомдук телеге айлантуу маселелери козголмокчу. “Пирамида” телекомпаниясы менен “Реформа үчүн” кыймылы кечээ билдирүү таратып, анда каналдын айланасында түзүлгөн жагдайга кайдыгер караганы президент Бакиевдин өзү бул каналдын жабылышына кызыкдар экенин көргөзүп турат деп айтылат. Бүгүн баштала турган нааразылык акциясын “пирамидачылар” узак убакытка созууну көздөп жатышат. (AJ)

XS
SM
MD
LG