Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

УЛУТТУК ФОРУМ: ТИРЕШКЕН ТАРАПТАР ТИЛ ТАБЫШАБЫ?


Бүгүн Бишкекте “Реформа үчүн” кыймылына кирген коомдук-саясий уюмдардын демилгеси менен уюштурулуп жаткан улуттук форум өтөт. Ага президент менен премьер-министр да чакырылган. Уюштуруучулардын сөзү боюнча, форум 2-ноябрда болуучу митингдин жана мөөнөтсүз нааразылык акцияларынын алдында бийлик менен оппозициянын бир пикирге келишүүгө жасаган дагы бир жолку аракети болмокчу.

Бүгүн өтөрү белгиленип жаткан Улуттук форум Кыргызстанды саясий-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн бийлик менен жарандык коомду жана оппозицияны бир пикирге келтирүү аракетинде өткөрүлүп жаткан экинчи Улуттук форум болуп эсептелет. Буга чейин атуулдук коом тарабынан 2005-жылдын апрель айында да так ушундай форум өткөрүлгөн. Анда авторитардык системаны жоготуу, Конституциялык реформа жүргүзүү тууралуу маселелер көтөрүлүп, жыйынтыгында Конституциялык кеңешме түзүлгөн эле. Бирок ошол жерде берилген убадалардын бири да ишке ашкан жок дешет бүгүнкү улуттук форумдун уюштуруучулары.

-Авторитардык система демонтаж кылынган жок, коррупция тескерисинче күчөдү. Конституциялык реформа жүргүзүлбөдү, биз жөн эле уят болдук. Көз карандысыз маалымат каражаттары жок калды. Мунун баары үчүн бийлик жооп берүүгө тийиш,-деди “Интербилим” коомдук уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева.

Бирок, ошол эле учурда эгер бийлик мурдагы форумда берген убадаларын аткарбаса, дагы жыйналып, алар менен бир пикирге келишүүгө аракет жасоонун эмне кереги бар деген суроо туулбай койбойт. “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Темир Сариев форум аркылуу бийликке элдин мүдөөсүн жеткирүү максаты тургандыгын белгиледи.

Форумга президент жана премьер-министр баштаган бийлик өкүлдөрү да чакырылган. Темир Сариев эгер бийлик өкүлдөрү форумга катышып, анда айтылган талаптарды ишке ашыра баштаса, 2-ноябрда болуучу митингде президент менен премьер-министрдин отставкасы тууралуу талап болбой тургандыгын кошумчалады.

Кыймылдын дагы бир мүчөсү Анвар Артыков болсо, реформа жасоо азыркы бийликтин колунан келбейт деп эсептейт.

Масштабдуу митинг жана мөөнөтсүз нааразылык акцияларынын алдында мындай форум уюштуруу туура жасалып жаткан аракет деген пикирлер арбын. Анткени, минтип бир столго отуруп сүйлөшүүдөн жакшы жыйынтыктарга жетишүүгө болот деп эсептешет алар.

-Менин оюмча минтип күрөшүүдөн пайда чыкпайт. Менимче бүгүн биз мамлекеттик башкаруу реформасын жүргүзүүбүз керек. Экономикалык, социалдык маселелерди чечүүгө аракеттенүүбүз зарыл. Мына жакында эле президент элге кайрылуусунда өлкөнү өнүктүрүү максатында кандай программалар иштелип жаткандыгын айткан. Бул программаларын ишке ашыруу үчүн биз жетекчилерге мүмкүнчүлүк жана убакыт берүүгө тийишпиз,-дейт Галина Куликова,“Менин өлкөм” партиясынын координатору.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG