Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНДЕ ПХЕНЬЯНДЫН МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНУУДА


Эгер Вашингтон Түндүк Кореяга кастарын тиккен душмандык саясатын өзгөртпөсө, Пхеньян ядролук сынактарды улантат. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Жогорку элдик жыйын президиум төрагасы Ким Ен Нам билдирди. Кошмо Штаттары болсо Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Түндүк Кореяга санкциялар режимин күчөтүүнү караган резолюциянын долбоорун өткөргөнгө аракет кылууда. Коопсуздук кеңеши кандай чараларды кабыл алат, бул жакынкы күндөрдө белгилүү болот.

Түндүк Кореяга санкциялар жарыяланса, муну өлкөнүн жетекчилиги “согуштун башталышындай” кабыл алат, деп билдирди Франс пресстин кабарчысына пхеньяндык чиновниктердин бири. Ал эми өлкөдө “экинчи жетекчи” эсептелинген Ким Ен Нам Түндүк Кореядан АКШнын мурдагы санкциялары алынмайынча Пхеньян алты тараптуу сүйлөшүүлөргө катышпай турганын ырастады.

Кошмо Штаттары Коопсуздук кеңештин кароосуна киргизген резолюциянын долбоорунда санкцияларды күчөтүү сунуш кылынган. Резолюциянын текстинде, мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак ырастагандай, орчундуу бир нече жобо бар. Биринчи кезекте Пхеньянга мындан ары массалык кыргын куралдар программасын улантканга, ракета жасоого багытталган иштерди кеңейткенге, ошондой эле бул программалардан тигил же бул өлчөмдө пайда тапканга - тийиштүү технологиялар менен материалдарды экспорттогонго – таптакыр мүмкүндүк бербегидей чаралар каралган.

Резолюциянын долбоорун Кытай жалпысынан колдогонго даяр,бирок күч колдонууга караманча каршы. Кытайдын элчиси Ван Гуаня талкуу учурунда айрым жоболорго, өзгөчө Пхеньянга Уюмдун уставындагы 7-статьянын күчүн колдонууга байланыштуу маселеге көбүрөөк көңүл буруу керек деп эсептейт.

Россиянын туруктуу өкүлү Виталий Чуркин долбоордо каралбай калган проблемаларды козгоп, жалпысынан документке жакшы ырайда баа берди. Муну АКШнын элчиси Жон Болтон алымсына белгиледи.

Британиянын элчиси Емыр Жонс-Пэрринин айтымында, текстте чынында эле таңашып-тактай турган татаал жерлер бар. Кеңештин туруктуу беш мүчөсү менен Япония аларды талкуулап, орток тил тапканга жакшы кадамдарды жасашты.

Франция резолюцияны колдон келишинче тезирээк кабыл алууга чакырып, Пхеньянга каршы санкцияларды күчөтүү зарылдыгын колдоду. Ошол эле учурда Париж дүйшөмбү күнү Түндүк Корея чын эле ядролук дүрмөт сынаганына күмөнсүнүү да билдирди. Буга азырынча АКШнын да толук ишеничи жок. Эксперттердин көпчүлүгү жарылуунун күчү өтө эле алсыз болгонун белгилеп жатышат. Франс пресстин кабарында Түндүк Кореялык дипломаттардын бири 9-октябрдагы сынак пландалган масштабга жетпей калганын моюнга алганы айтылат. Бирок дипломат ушул жупуну ийгилик деле өлкөнү ядролук курал жасаганга жакындатканын да кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG