Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

ОППОЗИЦИЯ БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮНҮН СӨЗҮНӨ КАНААТТАНБАДЫ


Бишкектеги тарых музейинде атуулдук коомдун лидерлеринин Форуму болду. Оппозиция лидерлери уюштурган форумга өкмөт башчы Феликс Кулов баш болгон бир катар өкмөт мүчөлөрү катышты. Форумда өлкөдөгү саясий кырдаал, конституциялык реформа маселеси талкууланды. Оппозиция өкүлдөрү форумда бийликти кескин сынга алып, өкмөт башчынын сөзүнө канааттанбагынын билдиришти.

Президент Курманбек Бакиев да ага чакырылган, бирок катышкан жок. Жыйында алгачкылардан болуп сөз сүйлөгөн «Интербилим» уюмунун лидери Асия Сасыкбаева коррупция күч алды, ал эми коомчулук реалдуу алга жылууну каалап жатат, деп билдирди.

Форумда премьер-министр Феликс Кулов сөз сүйлөп, бийлик системасы боюнча өзүнүн көз карашын билдирди. Ал конституциялык реформага чейин эле көз карандысыз сот системасын түзүүнү, жалпы системаны бузуп, жаңыны куруу зарылдыгын белгиледи. Премьер-министр ошондой эле өзүн конституциялык долбоорунун артыкчылыктары тууралуу сөз кылып, оппозиция өкүлдөрүнө өз долбоору менен чыгууга чакырды. Ал эми оппозиция өкүлдөрү форумда бийликти кескин сынга алып, өкмөт башчынын сөзүнө канааттанбагынын билдиришти.

XS
SM
MD
LG