Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ТҮНДҮК КОРЕЯ ЭРТЕҢ “ЭНЧИСИН” АЛЫШЫ МҮМКҮН


Америкалык дипломаттар Түндүк Кореяга байланыштуу резолюциянын долбоорун бүгүн ырасмий түрдө Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизе турганын айтышты. Документ эртең колго салынышы ыктымал. Долбоордо Пхеньяндын атомдук жана ракеталык программаларына каршы чараларга басым жасалган. Анын айрым жоболоруна Москва менен Пекиндин күдүгү бар.

АКШ президенти Жорж Буш шаршемби күнкү маалымат жыйынында Вашингтондун позициясын дагы бир жолу бышыктады. Түндүк Корея ушул аптада жер алдында дүрмөт жардырып, алты тараптын ( АКШ,Кытай,Түштүк жана Түндүк Корея, Россия,Япония) биргелешкен билдирүүсүндө сунуш кылган жакшы мүмкүнчүлүктөн кайра баш тартты, деп көрсөттү Буш өз сөзүндө. Кошмо Штаттары региондогу досторун коргоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрөт,бирок Түндүк Кореянын атом программасына байланыштуу проблеманы дипломатиялык ыкмалар менен чечүүнү жактайт. АКШнын Түндүк Кореяга кол салганга ниети жок, деп ишендирди Буш.

Резолюциянын долбоору бүгүн ырасмий түрдө Коопсуздук кеңешинин кароосуна берилет. АКШнын өкүлү Жон Болтон документ ушул жуманын этегине чейин кабыл алынат деп ишенет.

Кеңештин мүчөлөрү Пхеньянга санкциялар жарыялоону туура көрүшөт,бирок алардын мүнөзүнөн кадиктенгендери бар. Пхеньянга каршы Уюмдун уставындагы жетинчи статьянын күчүн колдонууну жактаган Вашингтондун талабы,мисалы,Москва менен Пекиндин каяшасын пайда кылды. Аталган жобо санкцияларды аткарганга Түндүк Кореяны мажбурлаганга, Пхеньян каршылык көрсөтсө,ага түбү барып аскери күч колдонгонго жол коет. Мындай усулду кабыл алалбай турганын Кытай шейшемби күнү бышыктаган эле. Кытай буга кошумча Вашингтон сунуш кылган санкциялар өтө эле масштабдуу деп эсептейт.

Резолюциянын долбоорунда соңку күндөгү талкуу-таңаштарда кандай алымча-кошумчалар болгону белгисиз. Евросоюздун тышкы саясатынын жана коопсуздук иштеринин башкы координатору Хавер Солана бул маселеде мунаса издеп отуруп, убакытты өткөрбөө керектигин белгиледи. Анын айтымында, Коопсуздук кеңешине тек гана билдирүү жасап, декларация кабыл алып тим калганга болбойт. Коопсуздук кеңеши чечкиндүү чараларды көрбөсө, Солана башка өлкөлөр бул өңдөнгөн аракеттерге эл аралык коомчулук олуттуу деле көңүл бөлбөйт деген ойдо каларын эскертти.

XS
SM
MD
LG