Коопсуздук Кеңешинин резолюциясында ошондой эле грузия өкмөтүнө бөлүнүп кеткен абхаз жумуриятына карата провокациялык аракеттерден сак болууга чакырык камтылган. Грузин президенти Михаил Сакашвили анын өкмөтү сүйлөшүүлөр аркылуу Абхазияны толугу менен өз көзөмөлүнө алуу ниетинен баш тартпай тургандыгын билдирди.
Орусия БУУнун Грузиядагы байкоочулук миссиясын дагы жарым жылга узартуу чечимине колдоо билдирди