Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ӨЗӨКТҮК СЫНООСУ КӨПТӨГӨН МАСЕЛЕ ЖАРАТТЫ


Нарын АЙЫП, Прага 9-октябрда Түндүк Корея өзөктүк сыноо өткөргөндөн беш күн өткөндөн кийин, 14-октябрда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши ага каршы эл аралык чектөө киргизүү тууралуу резолюция кабыл алды. Бирок, ар башка эксперттин пикиринде, ал чечимди аткарууда көп жаңы маселе чыгышы мүмкүн, Пхеньян жазаланбай калганда болсо, Азиянын башка мамлекеттери да өзөктүк куралга ээ болууга умтулушу толук ыктымал.

Коопсуздук Кеңеши кабыл алган чечим боюнча, Түндүк Кореяга алдыңкы технологиядагы илимий жана аскерий жетишкендиктер менен өзөктүк куралды өндүрүүгө керек болгон заттар берилбеш керек. Андан кеңири чектөөгө Бириккен Улуттар барган жок, анткени анын натыйжасында өлкөнүн карапайым калкы жапа чегиши мүмкүн. Бирок үстүбүздөгү жылдын жай айларында Пхеньян жаңы ракета сынаганда, анын кошунасы Түштүк Корея өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүүнү бир кыйла чектеген. Кытай тараптан көрсөтүлгөн жардам дагы азайган.

Аны менен катар Бириккен Улуттар тарабынан кабыл алынган чечимди аткаруу бир топ кыйынчылыкка такалышы мүмкүн, анткени Кытайдан Түндүк Кореяга өткөн жүктөрдү толук текшерүүгө Бээжин макул боло элек. Чек арада андай текшерүү болбосо, чектөө кагаздан жасалган арстанга гана окшоп калат дейт Лондон шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Жейсон Олдервик.

Анын айтымында, чектөөлөр боюнча дүйнө коомчулугу арасында эмгиче бир пикир жок: "АКШ сунуштаган чечим жана дипломатиялык ыкмалар керек деген турумду кармангандар ортосунда эмгиче талаш-тартыш жүрүүдө. Вашингтон катуу санкция киргизиш керек десе, Кытай менен Орусия - Пхеньянды алдап-соолап аракеттенүүгө тийиш деп айтат. Мындай талаш бир топ күчтүү жана ал канчалык уланса, АКШ сунуштаган чектөөлөр ошончолук мезгилге толук иштебейт", - дейт Олдервик.

Аны менен катар көптөгөн башка маселе да бар. Пхеньянга каршы санкция жарыялоого Тегеран ачык каршы чыкты жана эгерде эми Түндүк Кореяга каршы эл аралык коомчулук тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер жыйынтык бербесе, Иран өзүнүн өзөктүк программаларын улантууга кошумча дем алат.

Экинчи жагынан, франциялык "Либерасьон" гезити 12-октябрда жазып чыкканга караганда, Иран жана Түндүк Корея маселеси бир мезгилде чыгып жатканы ойлонтпой койбойт. Гезиттин маалыматтарына караганда, ракета өндүрүү технологиясын Иран менен Пакистан Түндүк Кореядан алган, өзөктүк курал чыгаруу технологиясы болсо Иран менен Түндүк Кореяга Пакистандан келген. Пхеньян да, Тегеран дагы жакында өзөктүк технологияны дүйнөгө жайылта турганы жөнүндө жарыялашты.

Орусиянын "Коммерсант" гезити 16-октябрда жазганга караганда болсо, Жапония менен Түштүк Кореянын копсуздугуна буга чейин АКШ кепил болуп келгендиктен, бул эки мамлекет өзөктүк курал өндүргөн эмес. Вашингтондун саясаты жыйынтык бербей, Тегеран менен Пхеньян андай куралга ээ болуп жана ал үчүн жазаланбай калса, анда АКШ мурдагыдай кепил боло албайт жана Токио менен Сеул өз алдынча өзөктүк изилдөө башташы мүмкүн, деп жазат гезит.

Анын айтымында, Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан баш тарттыруу үчүн Вашингтон Бээжин менен кеңири жана тыкыз кызматташууга аргасыз болот, анын натыйжасында болсо Кытай эбегейсиз мааниге ээ болуп, мурдагы СССРдин ордун басышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG