Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

9:00 «Интерньюс» депутаттарды сөз эркиндигин коргоого чакырды


Кечээ парламентте бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси каралган. Анда маалымат каражаттары тууралуу мыйзамга да өзгөртүү киргизүү сунушталган. Юстиция министри Марат Кайыпов сунуштаган бул долбоордо маалымат каражаттарында экстремисттик маанайдагы материалдарды тараткан журналисттерди беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Коомдук бирикме тараткан билдирүүдө мындай мыйзам цензураны күчөтүүгө алып келээри жана журналистиканын өнүгүшүнө коркунуч туудурары айтылат. Мыйзам долбооруна бейшембиде добуш берилет. (SM)

XS
SM
MD
LG