Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:12

АБДЫКАДЫР СУЛТАНБАЕВ: БИЗДЕ ЭКСТРЕМИСТТИК МААНАЙДАГЫ БАСМА СӨЗ ЖОК


16-октябрда Жогорку Кеңеште башка маселелер менен катар өлкөнүн “массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” мыйзамы жана Кылмыш Кодексине сунуш кылынып жаткан жаңы өзгөртүүлөр да каралды. Ошол сунуштардын бирине ылайык, экстремисттик материалды таратты деп айыпталган журналисттер 5 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө отуруп калышы мүмкүн. Маалымат чөйрөсүндө адистешкен бейөкмөт уюмдар муну сөз эркиндигине карата чоң коркунуч катары баалашып, парламентте аны кабыл албоого чакырууда. Ушул жана башка маселелердин тегерегинде Кыргызстан журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Оболу кечээги парламенттеги жаңылык тууралуу сизге айта кетели. Кыргызстанда мурда экстремизмге каршылык көргөзүү боюнча мыйзам долбоору каралган экен. Мына ошонун соңунан кечээ парламентке өлкөнүн юстиция министри Марат Кайыпов “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү”, жана Кылмыш Кодексине сунуш кылынып жаткан жаңы өзгөртүүлөр менен тааныштырды. Ошолордун бирине ылайык, алдыда айтылгандай, эгер кайсы бир журналист экстремисттик материал таратты деп айыпталса, беш жылдан он жылга чейин түрмөгө отуруп калышы мүмкүн экен. Сиздин көз карашыныз кандай?

- Кечээ парламентте талкууланган мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүү коомчулукта, журналисттер арасында эки ача пикирди туудуруп атат. Себеби, экстремизмге каршы күрөшүү жакшы нерсе. Бирок, биз кээде чылпагын алам деп көзүн чукуп салмайыбыз бар. Басма сөз мыйзамына өзгөртүү киргизүү ошондой маанайды жаратат. Биздин 15 жылдык тарыхыбызда өзүңүздөр, жакшы билесиздер, экстремисттик маанайдагы басма сөз, ошол маанайдагы макалалар дээрлик жок. Мындай чаралардын көрүлүшү кандайдыр бир деңгээлде басма сөз эркиндигине урулган сокку катары кабыл алсак болот.

- "Экстремисттик материал" деген түшүнүктү аныктоо өзү эле татаал иш го?

- Кечээ өзүңүздөр күбө болдуңуздар, бир топ депутаттар экстремизм деген критерий кандай, ошолордун так аныктамалары болбогондугун тынчсыздануу менен айтышты. Мен ошондой тынчсызданган депутаттардын пикирине кошулам. Анын критерийлеринин баарын так аныктап, укуктук жактан айкындап бергенден кийин гана бул мыйзамга кайра кайрылып келсек болот.

- Ошону ким аныктайт?

- Демилгечилер Кыргыз өкмөтү тарабынан болуп атат. Ошолор эч кандай талаш-тартыш туудурбаган ачык, так мыйзамдын өзгөртүүлөрүн сунуш кылыш керек болчу.

- Кыргызстанда көп эле гезиттер жарык көрөт. Экстремисттик мүнөздөгү баракчалар таратылып жатышы мүмкүн, бирок басма сөздө ушундай макалалар жарыяланды деп айтуу кыйын го?

- Туура айтасыз. Мисалы, биз бардыгыбыз эле Кыргызстандан чыккан басылмаларга көз салып, окуп турабыз. Экстремисттик маанайдагы макалалар дээрлик жокко эсе. Себеби журналисттердин сабаты, кудурети, маданияты, билими жетиштүү.

- Өзгөчө басма сөз чөйрөсүнө тиешелүү мыйзам актыларын даярдоодо биздин өкмөттүк мекемелер журналисттердин коомдук уюмдары менен кеңешкен учурлары болобу? Мисалы сиздер кечээги фактыны үстүнөн гана көрүп калдыңыздарбы?

- Парламенттин практикасында бар, ар кандай маселелерди талкуулоонун алдында парламенттик угуу өткөрүшүп, коомдук пикирди иликтеп, изилдеп, коомдун маанайы кандай экенин алдын ала билгенге аракет кылышат. Бирок өкмөт ушул өзгөртүүнү сунуш кылганда журналисттик коомчулуктар менен кеңешип, алардын талкуулоосуна коюп, пикирин сурап койсо эң туура болот эле, бирок тилекке каршы андай болбоду.

- Кыргызстандын Кылмыш Кодексинде журналисттер үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган беренелер сакталуу, бирок ошону алып салуу боюнча кандайдыр бир аракеттер көрүлүп келди эле, бирок тилекке каршы ишке ашкан эмес. Мындай окуядан кийин аны баары болбогон кеп деп ой жүгүртүүгө негиз берет го?

- Мыйзамды кабыл алуу процедурасын жакшы билесиздер. Жогорку Кеңештен төртүнчү күнү ошол мыйзамга добуш берүү болот. Депутаттардын акыл-эстүү чечимине үмүт этебиз.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага
XS
SM
MD
LG