Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

АЗЫРЫНЧА КУРШАБ ОКРУГУНАН ЭКИ ДЕПУТАТ БАР


Бүгүн Жогорку Сот №39 Куршаб шайлоо округундагы талаш боюнча ишти кароону баштады. Биринчи Май райондук соту тарабынан Санжар Кадыралиевди депутат деп таануу тууралуу БШКнын чечими 6-октябрда жокко чыгарылган эле. Буга нааразы болгон Санжар Кадыралиев жана БШК райондук соттун чечимин жокко чыгаруусун өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылышкан. Ошол эле учурда аталган сотко Мамат Орозбаев Биринчимай райондук сотунун чечимин күчүндө калтыруу арызы менен кайрылган.

Бүгүнкү күндө БШКнын чечими менен №39 Куршаб шайлоо аймагынан шайланган депутат катары депутаттык мандат Мамат Орозбаевде жана анын жападан жалгыз атаандашы Санжар Кадыралиевде бар. БШКдан 23-майда депутаттык мандат алган Мамат Орозбаевдин учурда Жогорку Кеңеште иш бөлмөсү, өзүнө бөлүнгөн автомашинасы жана башка депутаттарга тиешелүү артыкчылыктары бар. Ал бир нече айдан бери парламенттин отурумдарына катышып, көптөгөн токтомдордун, мыйзамдардын кабыл алынышына өз добушун берип келе жатат.

Ал эми анын атаандашы Санжар Кадыралиев депутаттык мандатын 5-октябрда алды.

Бул арада эки тарап тең бир нече соттук кийлигишүүлөрдү баштарынан кечиришти. Алгач Санжар Кадыралиевдин өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту 19-майдагы БШКнын токтомун жокко чыгаруу тууралуу чечимин чыгарып берген. 6-октябрь күнү да ошол эле Биринчи май райондук соту Мамат Орозбаевдин арызынын негизинде БШКнын Санжар Кадыралиевди депутат деп тааныган токтомун жокко чыгарды. Шайлоодон чыккан талаш мына ушинтип чиеленишип отуруп, Жогорку сотко келип такалган эле.

Бүгүн Жогорку Соттун үч мүчөсүнөн турган соттук коллегия бул талашка байланыштуу тараптардын арыздары боюнча ишти кароону баштап, эки тараптын сөзүн укту.

БШКнын 5-октябрдагы токтомун жокко чыгарган Биринчи май райондук сотунун чечимине нааразы болуп, Жогорку сотко кайрылган Санжар Кадыралиевдин ишенимдүү өкүлү жана адвокаты Бекболот Калыбековдун сөзү боюнча, БШК 23-майда Мамат Орозбаевге мандатты мыйзамсыз түрдө берген:

-БШК токтомун 19-майда чыгарган. Биз 22-майда Биринчи май райондук сотуна кайрылганбыз. Ал эми мандатты 23-майда берип койду. Мыйзам боюнча сотко кайрылуу болгон убакта бардык иштер токтотулуп турат. Демек мыйзамсыз.

Адвокат 14-июндагы Жогорку Соттун чечими менен Мамат Орозбаев баары бир депутаттык мандаттан ажыраган деп бекемдейт.

Ал эми Мамат Орозбаев Жогорку соттун чечиминде аны депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу сөз жоктугун белгилеп, Конституция боюнча депутат ант берген күндөн тартып депутат болуп саналарын айтты: -Депутат парламентте ант бергенден кийин ал толук түрдө депутат болуп саналат. Конституциянын 56-беренесинин 7-пункту боюнча депутаттын мандаты эгер ал өзү арыз берсе, кокус каза болуп калса, округдагы шайлоо толугу менен жокко чыкса, депутат болгон киши өлкөдөн тыш бир жакка көчүп кетсе же соттун чечими менен депутат жөндөмсүз деп табылса гана алынат.

14-июнда Жогорку сот БШК №39 Куршаб шайлоо округунун жеңүүчүсүн аныктоо ишин кайра шайлоо өтпөй калган Түзбел шайлоо участогун эсепке албай туруп жүргүзө алат деген чечимин чыгарып берген. Буга Мамат Орозбаев каршы чыгып, бул чечим Түзбелдеги шайлоочулардын укугун тебелеп жатат деген сөзүн айтты.

Куршаб шайлоо округу боюнча талашка байланыштуу ишти кароону Жогорку сот 19-октябрда улантмакчы.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG