Соттун чечими менен Муралым Рахманов, Нурулло Худжаев, Мадамин Шадиев өлүм жазасына өкүм кылынды, айыпталуучулар Талант жана Мухамеднур Жороевдер 10 жылга эркинен ажыратылды. Соттолуучу Дилноза Нышанбаева 3 жылга эркинен ажыратылып, бирок жаш баласы болгондуктан жазасын 8 жылдан кийин өтөмөй болду:
- Алардын Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын аймактарында экстремисттик маанайдагы кылмыштуу топ менен байланышта болгондугу далилденди жана алардын террордук топ менен ар кандай деңгээлде байланышы болгондугу үчүн, өз учурунда укук коргоо органдарына билдирилбегендиктен, террорчулар менен кызматташкандыктан жазага тартылышын сот туура деп эсептейт, - деп угузду сот чечимин Кадамжай райондук сотунун судьясы Рахматулла Ирисов.
Соттун мындай чечимине нааразы болгон айыпталуучулардын жактоочусу Каныбек Шакиров болсо өкүм чыгарууда мыйзамдын талаптары бузулган учурлар көп кездешкендигин белгилеп, Баткен облустук сотуна даттанышарын билдирди:
- 213, 214, 217-статьяларда айыпткерге айып угузулганда конкреттүү кимдин аракети кандай ишке катышса гана жаралыш керек деп көрсөтүлгөн. Ал эми буларда бардыгына бирдей, фабриковать эткен. Кылмышта болгонго дагы ошол айып угузулган, болбосо деле жүргүзүп кое берген. Бул УККнын талабы боюнча чоң ката.
Ал эми мамлекеттик айыптоочу Рыскулбек Бактыбаев 12-майдагы окуя боюнча айыпталып жаткан алты адамга карата 32 берене боюнча иш козголуп, сотто алардын негизгилери далилденгендигин билдирди:
- Терроризм, террор, бирөөнүн өмүрүн аябагандан кийин, мен ойлойм, алар катуу жазаланууга жатат. Бүгүнкү соттук процесс ошого күбө. Ошол 5 адамдын үчөөсү өлүм жазасына тартылышы ошолордун күнөөсүнүн далилденишине толук негиз бар болчу. Алдын ала тергөөдө толук далил жыйналган.
Быйыл 12-майда Баткен облусунун аймагына Тажикстан тараптан куралдуу топ кол салып кирип келген. Алар менен кагылышууда кыргыз тараптан 6 адам курман болгон. Куралчан топтогулардын үчөө окко учуп, бирөө колго түшкөн. Укук коргоо органдары террорчул топторго жардам берип кызматташ болгон деген айыптоо менен алты адамды кармаган. Алардын ишин Кадамжай райондук соту Ош шаарында августтун этегинде карап баштаган эле.