Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ОРУСИЯ МЕНЕН МАМИЛЕ БУЗБООНУ ЧЕЧТИ


Нарын АЙЫП, Прага 17-октябрда Люксембургда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү жана анда Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программаларынан тартып Грузия менен Орусия ортосундагы мамилелерге чейинки маселелер талкууланды.

Европа министрлери Түндүк Кореяда ишке ашырылган өзөктүк сыноону сынга алып, өлкө жетекчилигин - андай аракеттерден келечекте карманууга жана өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык эрежелерди аткарууга чакырды. Эгер Пхеньян дүйнөлүк коомчулуктун пикирине кулак салбаса, Европа Биримдиги тарабынан ага каршы бардык санкциялар колдонулушу мүмкүн жана Биримдик - Бириккен Улуттар тарабынан өлкөгө каршы кабыл алынган бардык чечимдерди ишке ашырууга чара көрөт, деп айтылат чечимде.

Жыйында Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе дагы талкууланды жана мурда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жыйынтыкка алып келбегени белгиленип, Тегеран менен жаңы дипломатиялык диалог өткөрүүгө Биримдик дайым даяр экени айтылды. Ошол эле учурда, эгер Иран андай сүйлөшүүгө барбаса, Европа Биримдиги маселенин Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде каралышына макулдук берүүгө аргасыз болот.

Жыйында Түркия менен Сербиянын Биримдикке кошулуу маселеси да каралды жана бул эки мамлекет көп реформа жүргүзүүгө тийиш экени айтылды. Эмдиги жылы июнда Босниядагы эл аралык аскерлер өлкөдөн чыгарылууга тийиш жана Европа Биримдиги ал мөөнөттөн кийин дагы бул мамлекетке бардык мүмкүн болгон жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Журналисттерди жана башка байкоочуларды болсо - Орусия менен Грузия ортосундагы мамилелер боюнча резолюция кандай болоору эң көп кызыктырган. Биримдикке кирген түндүк европалык, Балтик жээгиндеги жана көпчүлүк борбордук европалык жумурияттар Орусиянын Грузияга каршы көрүп жаткан аракеттерин катуу сынга алуу тууралуу 13-октябрда макулдашкан, бирок 17-октябрда кабыл алынган чечимге Грекия, Италия, Португалия жана Франциянын сунушу менен Грузияны сынга алган дагы сүйлөмдөр кошулду.

Мисал үчүн Кодор капчыгайына киргизилген грузиялык аскерлерди чыгарып кетүү талап кылынды жана Абхазия менен Түштүк Осетиядагы абалды калыбына келтирүүдө Тбилиси өтө кылдат аракеттенүүгө тийиш деп айтылды. Анткен менен Маскөөнүн акыркы күндөрдө грузиялык жарандарга каршы көрүп жаткан аракеттери катуу сынга алынды, бирок резолюция жалпысынан мурда пландалгандай болгон жок.

Ал тууралуу жыйындан кийин Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер минтип айтты: "Менин оюмча, биз - Биримдикке кошуна жайгашкан Чыгыш мамлекеттерге туура белги бердик. Европа Биримдиги менен тыкыз мамиле түзүү үчүн алар сөзсүз эле Орусия менен болгон өз мамилесин бузбаш керек. Тескерисинче, менин оюмча, мисал үчүн Украина менен Грузия жана башка кошуна өлкөлөр өздөрүнүн ири кошуналары менен жакшы мамиледе болгону өтө маанилүү", - деди комиссар.

Биримдикке учурда төрагалык кылган Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиоя болсо бул маселе боюнча Европа мамлекеттери эки жаатка бөлүнбөгөнүнө ыраазы экенин билдирди: "Чечимдин акыркы варианты талкууланганда ал тууралуу талаш-тартыш чыкпай, министрлер өздөрү маселе чыгарбаганына мен кубанычтамын. Чечим бир добуштан кабыл алынды жана ошонун өзү эле азыркы бөлүнгөн Европа Биримдиги үчүн жетишкендик", - деди финн министри.

20-октябрда Финляндиянын Лахти деген шаарында Биримдик менен Орусия ортосунда бийик жолугушуу өткөрүлөт жана, айрым эксперттердин пикиринде, эгерде Европа Биримдигинде бул маселе боюнча талаш-тартыш чыкканда, жыйынга катыша турган президент Владимир Путин андан пайдаланын кетиши мүмкүн болчу.

XS
SM
MD
LG