Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

ОШ : РЕКТОР КЫЗМАТЫН ТАШТАБАСА ЭМГЕК ЖАМААТЫ ОППОЗИЦИЯГА КОШУЛАТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош гуманитардык педагогикалык окуу жайынын эмгек жамааты ректор Дөлөн Бабаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге, өкмөт жетекчиси Феликс Куловго жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алды. Алар коюлган талап жакынкы күндөрү аткарылбай турган болсо мөөнөтсүз иш таштоого чыгып, 2-ноябрдагы жалпы элдик нааразылык акциясына кошулууга аргасыз экендиктерин билдиришүүдө.

Окуу жайдын окутуучуларынын көпчүлүк бөлүгү ректор Дөлөн Бабаев президент Бакиевдин жердешимин деген негизге таянып алуу менен жетекчилик кызматка келгенден бери алардын пикирин эске албастан мыйзамсыз иштерге барып жаткандыгына нааразы экендиктерин билдиришти. Окутуучу Раушан Абсатаров ректор Дөлөн Бабаевди кызматтан алуу боюнча коюлган талап аткарылбай турган болсо эмгек жамааты мөөнөтсүз иш таштоого даярданып жаткандыгына токтолду:

- ОГПнын эмгек жамааты 2-октябрдан бери Бабаевдин маселесин чечип берүү боюнча министрге, президентке, Куловго кайрылган элек. Дөлөн Бабаевич Бакиевдин жердешимин деп бир топ иштерди жүргүзүп жатат. Ал өзүнүн иш аракеттеринен президент Бакиевдин жүргүзгөн саясатына да тоскоол болуп жатат деп ойлойм. Бул маселе тезинен чечилбесе эмгек жамаат иш таштоого чыгабыз деп турат, - деди окутуучу Раушан Абсатаров.

Окутуучулардын айрымдары жол берилип жаткан мыйзамсыздыктарды ачык айтып чыккан кызматкерлерди коркутуп үркүтүүлөр орун алып, буга чейин кырктан ашуун мугалим кызматынан негизсиз айдалгандыгын айтып өтүштү. Ага окутуучу Бекмырза Зулуев болсо окуу жайдагы адилетсиз башкаруунун өкүм сүрүшү жамаатты кыжырдантып ректорго каршы чыгууга алып келгендигин белгиледи:

- Ректор Дөлөн Бабаевичке каршы чыгып аткандын негизги себеби бул коллективде ынтымакты бузуп, бир жылга жетпей 40 мугалимдин иштен кетиши жана жаат-жаатка, жердешчиликке бөлүшү. Жаңы ишке алып аткан жаштарды дагы реалдуу албастан, өзүнүн тааныштарын разрядын жогорку категорияда алып, ал эми 10 жыл иштеген мугалимдердин разряды төмөн жүрүшү, - дейт ага окутуучу Бекмырза Зулуев.

Ал эми окуу жайдын ректорун колдогон окутуучулардын айрымдары болсо каршы чыккан мугалимдер жетекчилик орун үчүн кызыкдар тараптын тукуруусу менен иштеп жатышат деген пикирде.

Ректор Дөлөн Бабаев болсо коюлган айыптоолордун негизсиз экендигин билдирүү менен саясий кырдаалдан пайдалангысы келип, жетекчилик орунга көзү кызарган айрым бир адамдар нааразылык акциясын жасалма түрдө уюштуруп жатат деген ойун ортого салды:

-Маселе мындай, кеп бар «кыз боозуп алып апасынын бетин тырмайт» деген. Катуу айтканым үчүн кечирип койгула. Райымбековдун толгон-токой махинациялары бар. Комиссия бүтсүн, ким ак, ким кара ошондо көрөбүз, - деди Дөлөн Бабаев.

Учурда эмгек жамаатынын арызы боюнча Жогорку Кеңештен жана Ош облустук мамлекеттик акимчилигинен келген атайын комиссия окуу жайдагы жалпы абалды иликтөөгө алып жатат. Комиссия мүчөлөрү маселе иликтөөнүн жыйынтыгына байланыштуу чечиле тургандыгын кабарлашты.
XS
SM
MD
LG