Кондализа Райс президент Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Түндүк Кореянын атом проблемасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Кечээ ал бул маселени Пекинде кытай жетекчилери менен талкуулады. Айрым кабарларда Ким Чен Ир кытай делегациясын ядролук жаңы сынактар өткөрүлбөйт деп ишендиргени айтылууда.