Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

МАЖАР КӨТӨРҮЛҮШҮНҮН 50 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ


Мажарстандагы антикоммунисттик көтөрүлүштүн 50 жылдыгы белгиленүүдө. Студенттердин демонстрациясынан башталган ал көтөрүлүш канга жуурулуп басылган, бирок Чыгыш Европа жумурияттарынын элине - коммунизмге каршы күрөш кандай болуш керек экенин көрсөткөн.

1956-жылдын 23-октябрында Будапешт шаарынын көчөлөрүнө студенттер чыгып, бийликке 16 талап койгон. Алардын арасында - советтик аскерлердин Мажарстандан чыгарылышы, эркин шайлоо өткөрүү, экономикалык системаны өзгөртүү сыяктуу талаптар болгон. Бийлик ал демонстрацияга көп деле көңүл бурбайт болчу, бирок күтүүсүздөн студенттерди калктын кеңири катмарлары колдоп, көчөгө чыккандардын саны 200 миңге жетип кеткенде, полиция аларга каршы ок аткандан бир нече адам өлгөн жана ошондон кийин чыныгы көтөрүлүш башталган.

24-октябрда болсо мажар өкмөтүнүн башчылыгына 60 жаштагы Имре Надь дайындалган жана ал элдин талаптарын колдоп чыккан. Өлкө шаарларынын көчөлөрүнө улам көп адам чыга баштаган учурда премьер атайын полиция күчтөрүн таратып жиберген, өлкөнүн эски улуттук гербин калыбына келтирген жана 28-октябрда Маскөө менен советтик аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетүү тууралуу сүйлөшүү баштаган.

Өкмөттүн андай кадамдарын эл жеңиш катары баалаган жана жаңы премьер-министр андай мүдөөнү актаган. 1-ноябрда Имре Надь үналгы аркылуу элге кайрылып, Мажарстан Варшава келишиминен чыгып, нейтралдуу мамлекет боло турганы жөнүндө жарыялаган. Андан үч күн өткөндөн кийин, 4-ноябрда Будапештке бир миңге жакын советтик танк киргизилген.

Ал тууралуу премьер-министр өзү радио аркылуу жарыялаган:

-Бүгүн таң эрте менен Мажарстандын баш калаасына советтик аскерлер киргизилди жана алар биздин демократиялык жол менен шайланган өкмөтүбүздү бийликтен кулатат сыяктуу. Биздин өкмөттүк күчтөр советтик аскерлер менен салгылашып жатат. Өкмөт азырынча ордунда, - деп билдирген Надь 1956-жылдын 4-ноябрында.

Бардыгы болуп эки жарым миң Мажарстан жараны жана жети жүзгө жакын советтик аскер курман болгон, 200 миңге жакын адам өлкөдөн Батыш мамлекеттерине качкан. Имре Надь камакка алынып, соттолгон жана өлүм жазасына кесилип, эки жылдан кийин атылган.

Ошол кезде Мажарстандан качып чыккан жаш журналист Чарльз Гати азыр АКШда жашайт. Анын айтымында, 1956-жылдагы көтөрүлүш канга жуурулуп басылганы чыгыш европалык интеллектуалдарга коммунизмге каршы күрөштө башка ыкмалар табылыш керек экенин көрсөткөн:

-Бир чети ал окуя - коммунизм туруктуу эмес жана ага каршы күрөшүү мүмкүн экенин көрсөткөн. Экинчи жагынан, коммунизмге каршы күч колдонуп күрөшүү маанисиз экени дагы аныкталган, анткени Советтер Союзу эч нерседен кайра тартпай турганы көрүнгөн. Ошондуктан тикелей карама-каршылыкка чыкпастан, системаны бара-бара, акырындап өзгөртүү керек экени ангыкталган, - дейт Гати.

Кийин Батыш мамлекеттери СССР менен сүйлөшүү жүргүзүп, акырында 1975-жылы Хельсинки шаарында өз-ара ишеним орнотуу чаралары жөнүндө ири эл аралык конференция өткөрүп, анда Маскөө жетекчилерин - адам укуктарын коргоо боюнча документтерге дагы кол койдурган. Чыгыш Европа жумурияттарынын Вацлав Гавел сыяктуу жаңы интеллектуалдары өз өлкөлөрүнүн жетекчилеринен ошол келишимдерди аткарууну талап кылып, ар башка мыйзамдуу уюмдарды түзүп-аракеттенип отуруп, акырында 1989-жылы коммунисттик режимди кулатышкан.

Мажарстандын азыркы жетекчилиги 1956-жылдагы көтөрүлүштүн 50 жылдыгын белгилеп өткөрүп жаткан салтанатка дүйнөнүн ар башка мамлекетинен 56 белгилүү адамды конок катары чакырды.

Нарын Айып

XS
SM
MD
LG