Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

ҮСӨН СЫДЫКОВ - ӨЧПӨС ЫСЫМ, ӨЛБӨС ОБОНДОР


Бүгүнкү кебибиз өткөн кылымдын 60-жылынан тартып көзү өткөн 2005-жылдын жарымына чейин кыргыздын элдик ыр чыгармачылыгынын алтын казынасына ондогон патриоттук, лирикалык, балдар ырларын таштап кеткен обончу, комузчу-аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, маркум Үсөн Сыдыков жөнүндө болмокчу.

Өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып ар бир кыргыз угуучуларынын жан шеригине айланган аваздык мукамдуу боектор менен шөкөттөлгөн ондогон түркүн түрдүү темалардагы обондорду жаратып, залкар күүлөрдү таңшыта чертип калдайган калың кыргыз калкына таанылган обончу, комузчу аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Үсөн Сыдыков эле. Маркумдун ата-журту менен түбөлүккө кош айтышканына бир жылдан ашык мезгил өттү.

Сыдыков 65 жаштын аралыгында турмуштун катаал да, татаал да жолун басып өткөн. Ал бармактайынан ата-энеден айрылып көрүнгөндүн колун карайт. Бакканы мал, алганы отун болот.

Качан гана Үсөндүн бактысы Бишкектеги Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын босогосун аттагандан, музыка дүйнөсүнө аралашкан күндөн ачылат.

Бала чагынан “комуз чертсем, комуз үйрөнсөм” деп ак эткенден так этип жүргөн тилеги ишке ашат. Белгилүү комузчу Карагул Үкүбаевден сабак алат. Байыркы аспаптын түпкүрдөгү сырлары менен кең кесири таанышат. Ага болгон сүйүүсү, кумарлануусу артат. Үсөн басса-турса да, жатса жа комузсуз, күүсүз жашай албастыгын, кыргыз күүлөрүндө жалындаган жаштыктын, махабаттын миң түрдүү сырлары, картайганды жашарткан керемети, жыргалы бар экенин өзүнүн тунгуч обондорунун бири “Кыргыз күүсү” аттуу ырында даңктага.

Таланттуу обончу Үсөн менен К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестрде бирге иштешкен, бирге жүргөн белгилүү композитор Кенжегазы Асанбаев курдашынын адамдык сапаты жөнүндө мындай дейт:

- Маркум Үсөн менен бир жарым жыл иштештим. Гастрол учурунда бирге жатып, бирге жүрдүк. Ал улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган жаш –карыга бирдей мамиле жасаган айкөл адам эле. Үсөндүн адамдык сапатына жараша обондору да тунук, жугумдуу эле. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин ырлары ырдалып, калк жүрөктөрүнөн түнөк таап келүүдө.

Маркум Үсөн баш-аягы 200дөй обон чыгарыптыр. Алардын көпчүлүгү лирикалык темаларга арналыптыр. Автордун махабатка арналган ырларынын бири – “Күн чыгышым”. Бул ыр алгачкы ырдалышынан азыркы күнгө чейин ар кыл муундагы ырчылар тарабынан ар кандай аспаптардын, эстрадалык топтордун, эл аспаптар оркестрлеринин коштоосунда ырдалып келүүдө. Ырдын сөздөрүнүн өткөрө көркөмдүүлүгү, обонунун өзгөчө мукамдуулугу, жугумдуулугу менен угуучулардын жарпын жазат.

Көрүнүктүү обончунун жаштардын жалбырттай жанган махабаттарына арналган ырларынын ичинен “Сүйүүлөр жазда башталат”, “Көрүнүп койчу”, “Гүлдү көрсөм”, “Сен кечиксең”, “Жароокерим”, “Айнурун төккөн ал тарап” аттуу обондорунун сөздөрүнүн нукура поэзиянын тилинде өзгөчө бийик көркөмдүктө жазылгандыгы, алардын тигил, же бул обон менен камыр-жумур жуурулушканы менен өзгөчөлөнөт. Автордун ошондой ырларынын бири “Ай нурун төккөн ал тарап” аттуу ыры.


Балбай Алагушов, Бишкек
XS
SM
MD
LG