Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

ПУТИН МЕНЕН РАЙС МАСКӨӨДӨ ТҮНДҮК КОРЕЯ КРИЗИСИН ТАЛКУУЛАШТЫ


Москвада ишемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс сүйлөшүү өткөрдү. Көңүлдүн чордонундагы кеп Түндүк Кореянын ядролук программасынан чыккан чыр болду. Мамлекеттик катчы өзүнүн Сеул, Токио жана Бейжинде өткөргөн жолугушууларында Түндүк Кореянын ядролук бомба сыноосуна каршы чара көрүү маселенин кандай талкууланып, жыйынтыгы кандай болгондугун орусиялык президентке айтып берген. Агенттиктер жазганга караганда, Путин менен жолугушканда орусиялык-грузиялык алака да кепке алынган. Ал жерде Кондолиза Райс дагы бир жолу тараптарды сабырдуулукка чакырган.

Түндүк Корея режими атомдук бомбасын 9-октябрде жардырып сыноо өткөрдү. Арадан беш күн өткөндө БУУнун Коопсуздук Кеңеши ал өлкөгө каршы чара көрүү тууралуу чечимди жактырды. Андай чара болуп Түндүк Корея өлкөсүнө тыштан эч кандай унаа киргизбөө жана чыгарбоо тартиби болуп атат.
Бирок, андай чарага, анализчилер болжолунда, Пхеньяндын тегерегиндеги коммунистик режимдеги Кытай, ал режимден жакында чыккан Орусия көңүлү келгендей мамиле жасашы ыктымал.

Чыгыш Азия менен Орусияга Кондолиза Райстын иш сапары ошол себептен Ким Чен Ир режимине танапташ жаткан өлкөлөрдү БУУ чечимине бек турууга үндөө болду дешет.

Райс барып кеткен Сеул, Токио, Бейжин жана Маскөөдө болсо БУУ көргөнү аткан чараны колдой тургандыгын билдиришкен. Кызык жери, БУУнун чечими чыккандан кийин да Пхеньян (7-ноябрде – ММ) дагы бир атомдук бомбаны сыноодон өткөрөм деген. Жума күнү Ким Чен Ир ал бомбаны сыноодон өткөрбөй калыптыр деген маалымат таркады.

Райстын сапарында мамлекет башчылар Пхеньянды алты тараптуу сүйлөшүүгө кайра олтургузуу керек дешкен. Түндүк Корея андай сүйлөшүүлөрдөн өзү бир жылча мурда чыгып кеткен.

Кремль жакшы санаалашы Ким Чен Ирдин ядролук куралга ээ болушун оозеки сынга алды. Бирок АКШнын мамкатчысы менен болгон жолугушуудан кийин өз алдынча да, америкалык тарап менен да ырасмий билдирүү жасабады.

«Газета» басылмасы жазганга караганда Райстын Маскөөдөгү жолугушууларында Ирандын ядролук программасындагы жагдай, чукулку чыгышты жөнгө салуу, Грузия маселси боюнча кептер да козголгон.

Ал эми Рейтер (Reuters) агенттиги жазганга караганда, К.Райс орусиялык саясий төбөлдөр менен жолукканда өкүмөттүк эмес уюмдар боюнча жаңы мыйзам боюнча жана басма сөз эркиндиги тууралуу талкууларга катышкан.

Кондолиза Райс ишемби күнү президент менен жолугардан мурда «Новая газетанын» журналисттери менен жолукту. Эки апта мурда киши колдуу болуп өлгөн атактуу журналист Анна Политковская ошол гезитте иштеп келген. Маркумдун баласы менен ал жерде жолугуп ага көңүл айткан. Ошол жерде болгон басылманын баш редакторунун орун басары Виталий Ярошевский ал жолугушуу туурасында мындай деди:

«Кондолиза Райс бул киши өлтүрүнүн бети ачыла тургандыгына үмүтү бар экендигин билдирди», - деди «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде.

«Орусияда журналисттердин тагдыры терең чочулоону туудурары анык», - деген ал жерде АКШнын мамкатчысы. Андан мурдараакта болсо: «орусиялык журналисттер кирептер болушкан азыркы учур АКШны бушайман кылат» - деп айткан.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG