Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

23-ОКТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Генерал М.Д. Скобелев 1876-жылдын 23-октябрында алайлык кыргыздарга мүнөздөмө берген. 2003-жылдын 23-октябрында Россия федерациясынын президенти В.В. Путин Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен келди.

1860-жылдын 22-октябрында аяктаган Узунагач салгылашы жана Кокон хандыгынын колу орус аскерлеринен талкаланышы кыргыз урууларына зор таасир калтырган. Буга чейинки кокондуктардын залимдигине каршы топтолгон нааразылык кыргыздардын тышкы саясий багытынын Россия империясына карай түздөшүнө түрткү берген. Санжыралык маалыматтарга караганда, Узунагач салгылашынан кийинки күнү кыргыздардын чоң манаптары-Байтик жана Жантай орус бийлигине моюн сунуп, империянын курамына кирүүнү туура көрүшкөн. Алардын көз карашын колдобогон жалгыз адам-Ормон хандын уулу Үмөтаалы болгон.

1875-жылдын бул күнү генерал М.Д.Скобелев Намангандын батыш тарабында козголоңчу кыпчактардын колун талкалаган. Генерал М.Д.Скобелев 1876-жылдын 23-октябрында алайлык кыргыздар туурасында мүнөздөмө кабар калтырган. Анын айтымында алар күчтүү хандык маалында да моюн сунуп, күңкор абалда калган эмес. Алайлык кыргыздар салыштырмалуу жоокерчилиги менен айырмаланышып, киши жеткиз тоолуу аймакта жашашат. Алар хандыкка каршы жалаң жай айларында козголоң чыгарып турушкан. Кыргыздардын аздыр-көптүр күңкордугу тоо этегиндеги кыштактарда орун алган базарларга байланыштуу деп, аларга каршы жүргүзүлүүчу аскер саясатын аныктаган.

2003-жылдын 23-октябрында Россия федерациясынын президенти В.В. Путин Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен келди. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен Владимир Путин Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген өлкөлөрдүн пайдалануусуна берилген “Кант” аба майданынын ачылыш салтанатына катышышты. Салтанат соңунда эки президент авиабазанын ачылышына байланыштуу сөз сүйлөп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Ушул эле күнү А. Акаев менен В. Путин Бишкекте өткөрүлгөн “Кыргызстан-Россия” аттуу инвестициялык форумга катышышты. Форум алкагында жалпы суммасы 14 млн. доллардык эки тараптуу инвестициялык документтерге кол коюлду.

2003-жылдын бу күнү Туркия Республикасынын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы үч күндүк визити соңуна чыкты. Премьер-министр бу күндөрү Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуп, Кыргыз-түрк Ишкерлер кеңешинин жыйынында жана Кыргыз-түрк “Манас” университетинин жаңы имараттарынын ачылыш салтанатына катышты.

Жогорку Кеңеш депутаты Т. Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарында башталган митинг акциясына “Ар-намыс” партиясынын чет жердеги мүчөлөрү 2005-жылдын 23-октябрында тынчсызданган билдирүү жасашты. Билдирүүдө Кыргызстандагы криминалдык топтордун ичара кандуу чатагы өлкөдөгү олку-солку абалды ого бетер бузуп жаткандыгы жана бу окуялардын артында президент Курманбек Бакиевдин карааны калдайып тургандыгы белгиленет.

Бу күнү 1784-жылы Россияда М. Ломоносов курган химиялык лаборатория ишке киришип, 1991-жылы СССРде КГБ таратылып, 1752-жылы консервалоону тапкан француз ойчулу Франсуа Аппер, 1789-жылы орус тарыхчысы Константин Арсеньев, 1817-жылы француз филологу, француз сөздүгүн түзгөн Пьер Лярусс, 1908-жылы советтик физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Илья Франк, 1923-жылы жазуучу Жунай Мавлянов, 1928-жылы кыргызстандык акын жана котормочу Михаил Ронкин, 1945-жылы кыргызстандык адабият таануучу Валерий Вакуленко жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков, Бишкек
XS
SM
MD
LG