Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:33

ИРАКТЫК ШИЙИЛЕР МЕНЕН СУННИЛЕР МЕККЕДЕ ЫНТЫМАКТАШТЫ


Ирактык шийилер менен сунни динаятчылары далай кишинин өмүрүн алган касташууну токтотуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. 10 жободон турган документ жума күнү мусулмандар үчүн ыйык Меккеде макулдашылды. Жолугушууну Ислам конференциясы уюму уюштуруп ортомчулук кылды.

Меккеде кол коюлган документ мусулмандардын канын төгүүгө, киши уурдоо, жек көрүүнү жайылтууга жана диний жайларга кол салууга тыюу салат. Ирактык суннилер менен шийилердин өкүлдөрү кол койгон макулдашуу бардык ирактыктарды мусулмандардын өмүрүн, буюм-тайымдарын жана намысын коргоого чакырып, уурдалып кеткен бейкүнөө адамдарды бошотууга жана үйлөрүн таштай качкандарды кайра кайтып келүүгө чакырат.

Меккедеги жолугушууга демөөрчүлүк кылган Ислам конференциясы уюмунун баш катчысы Экмеледдин Ихсаноглу документ мусулмандар арасындагы жаатташууга тыюу салган тарыхый булактарга негизделгенин айтат.

- Мусулман дүйнөсүнүн көрүнүктүү лидерлери жөнөткөн, айрымдары дагы эле жөнөтүп жаткан каттарда басым жасалгандай, бул диний эреже милдеттүү түрдө аткарылып, ар дайым бекем сакталышы керек. Мусулмандар арасындагы кан төгүүгө жол берилбесин деген жобону бузгандарды жараткан өзү жоопко тартат. Биздин колубуздан башка эмне келет? Сыйкырдуу таякчабыз жок, турмушту болгонундай кабыл алышыбыз керек.

Соңку айларда ирактык суннилер менен шийилердин куралдуу касташуусу жүздөгөн кишилердин өмүрүн жалмады. Дагы далай адамдар ыктымал террордук чабуулдун курмандыгы болду.

Ушундай кайгылуу эрегиштен чарчаган айрым ирактыктар Меккеде кол коюлган документ кан төгүүнү токтото алат деп үмүт кылууда. Бирок, ага кол койгон тараптардын баары эле макулдашууда айтылгандарды аткараарынан күмөн санагандар да аз эмес. Багдаддын жашоочусу Муаяд Ясим кол салуулар дароо тыйылып калаарына ишене бербейт.

- Бул жакшы нерсе болду. Ошентсе да, документке бардык куралдуу топтор баш ийет деген ойдон алысмын. Анткени бул кылмыштуу топтор эч кандай диний, адамгерчилик тууралуу же башка моралдык принциптерди тааныбайт. Ошондуктан жакын арада бейпилдик орнойт деп айта албайм.

Ясимден айырмаланып, Багдаддын дагы бир тургуну Мохаммад Салех Меккедеги макулдашуу тынч жашоо алып келиши мүмкүн деп ишенет.

- Биз Ирактагы бардык диний тайпалар бул документте айтылгандарды аткарат деп үмүт кылабыз. Кудай кааласа, Ирактын эли да жакшылыкка жетээр. Биздин коркконубуз эле бул ирактыктар арасында бузукулук кылгысы келген башка жактан келген чагымчыл күчтөр.

Кантсе да, узакка созулуп кеткен кол салуу, кан төгүүдөн тажаган ирактыктар Меккеде кол коюлган документти кубануу менен тосуп алышты. Насирия калаасында бул макулдашууну колдоп, көчөгө чыккан 2000дей адам: “Терроризмге наалат, жашасын Меккедеги макулдашуу!” - деп кыйкырып жатышты.

Бул акция өткөн жума күнү Багдадда жанкечти автобуста жардырган бомбадан 4 киши мерт болду, башкалаанын түштүк ыптасында күтүүсүз атылган октон дагы эки киши набыт кетти.

Венера Сагындык кызы

XS
SM
MD
LG