Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:29

ПАНАМА КАНАЛЫ КЕҢЕЙТИЛЕТ


Панамада аты уйкаш канал кеңейтилет. Өкмөт сунуш кылган кайра куруу планы жекшембидеги жалпы элдик добуш берүүдө колдоого алынды. Курулуш иштери жети жылга созулат жана ага болжол менен беш миллиард доллардан ашуун каражат сарп кылынат. Жекшемби күнкү референдумдун жыйынтыгын Панаманын президенти Мартин Торрихос тарыхый чечим деп атады.

Сексен чакырым аралыктагы Панама каналы 1914-жылы ачылган. Аны Кошмо Штаттары курган. Атлантика жана Тынч океандарын бириктирген бул жасалма өстөндүн курулушу он жылга созулган жана далай адамдардын өмүрүн алган. Каналды сексен беш жыл бою АКШ көзөмөлдөп келген, 1999-жылы гана ал толугу менен Панаманын амирине берилген.

Канал аркылуу күнүнө кырк, жыл ичинде он төрт миң кеме өтөт. Он эки айда аркы-терки ташылган товарлардын жалпы суммасы үч миллиард тоннага жетет. Өкмөттүк мекемелер каналды кайра куруп, кеңейтүү зарыл дешет. Антпесе 2012-жылдан кийин ал дээрлик жараксыз болуп калат. Каналга азыр оор жүк тарткан чоң кемелер кире албайт. Долбоордо каралган иштер жүзөгө ашкан соң канал азыркы замандагы эң үлкөн танкерлер менен кемелер үчүн да аңгире жолго айланат.

Өкмөттүн пландарына ылайык, кеңейтүү курулуштары жети миңден ашуун адамды жети жыл бою туруктуу иш менен камсыз кылат, мындан тышкары 35 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлөт. Кеңейтүү иштери бүткөн соң 2020-жылдары каналдан казынага түшчү пайда алты эсеге көбөйөт жана жылына 6 миллиард доллардан ашат. Башкача айтканда, долбоордун жалпы чыгымын – 5 миллиард доллардан ашуун каражатты - канал кийин бир жылда жапканга жарап калат. Каналдын администратору Эрнесто Фернандес болочокто түшчү кирешени социалдык чөйрөгө натыйжалуу үлөштүрө алганда, Панама келечекте өтө чоң секирик жасай аларына,ал үчүнчү дүйнөдөгү өлкө болбой каларына ишенет.

Бирок мындай келечекке күмөнсүнгөндөр да аз эмес. Каналдын кеңейтилишине каршы чыккандар долбоор көп чыгымды талап кылат,ал эми болочоктогу кирешеден өңчөй чиновниктер менен коррупционерлер гана пайда табат деген ойдо.Референдум алдында нааразылык жыйынына катышкандардын бири ушунча жылдан бери элди талап-тоноп келген коррупционерлерге ишенүү кыйын экенин айтып, каналды кеңейтүү долбоору да ошолордун пайдасы үчүн жасалып жаткандыгын билдирди.

Деген менен кеңейтүү долбооруна каршы болгондордун сөзү жекешмби күнкү добуш берүүгө таасир тийгизе алган жок. Референдумга катышкандардын дээрлик сексен проценти өкмөттүн планын жактап добуш беришти. Панаманын президенти Мартин Торрихос муну элдин тарыхый чечими деп атады.

XS
SM
MD
LG