Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

17:30 Башкы прокурор маалымат берүү эркиндигин чектедиби?


Башкы прокурор Камабаралы Конгантиевдин 19-октябрда чыгарган токтомунун толук көчүрмөсүн “24KG” агенттиги жарыялады. Токтомго ылайык прокуратуранын кызматкерлерине массалык маалымат каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга, жана башка мекемелерге маалымат берүүгө тыюу салынган. Расмий маалыматтар Башкы прокурордун макулдугу менен басма сөз кызматы аркылуу берилүүсү каралган. Эгерде жашыруун деген маалыматтар, тергөө, көзөмөл текшерүү амалдарына байланыштуу маалыматтарды Башкы прокурордун уруксатысыз берген кызматкерге катуу чара көрүлөрү, кызматтан алынары көрсөтүлгөн. Медиа өкүлчүлүгү институтунун жетекчиси Шамарал Майчиевдин пикиринде, башкы прокурордун мындай чечими Конституцияга жатпайт, мамлекеттик органдар маалымат бербесин деген атайын мыйзам жок.

XS
SM
MD
LG