Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:22

26-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1744-жылдын 26-октябрында жергиликтүү калк алардын жарымын кырып, калган калмактар ичээрге суусу жок артка чегинген. 2005-жылдын 26-октябрында Бишкектин «Алатоо» аянтында криминалга каршы митинг өткөрүлдү.

1742-1744-жылдар арасында Сары Манжы баштаган жунгарлардын 12 миң чамалуу аскери Самаркандды карай жортуулга чыккан. Орус архивдик материалдарында жунгарлардын чапкыны ийгиликсиз аяктагандыгы кабарланат. 1744-жылдын 26-октябрында жергиликтүү калк алардын жарымын кырып, калган калмактар ичээрге суусу жок артка чегинген. Калмактардын бир жарымы батышка ооп, орус талаасына баш пааналаган. Дагы башка бир тобу азыркы Кыргызстан аймагынан орун алышып, кийин алар жергиликтүү калк менен аралашып кеткен.

2004-жылдын бу күнү президент Аскар Акаев «Кыргызстандын шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү» мыйзамына кол койду. Мыйзамда добуш берчү адамдын бармагына белги коюу шарты каралган. Шайлоочулардын колуна белги коюу шарты коомчулукта карама-каршы пикирлерди жараткандыктан, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө тургандыгын жарыялады.

Президент К. Бакиевдин маркум депутат Т. Акматбаевдин туугандарын 2005-жылдын 27-октябрына белгиленген кабыл алуу туурасындагы билдирүүсү, бир катар бейөкмөт уюмдардын нааразычылыгын жаратты. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы баштаган бир катар бейөкмөт уюмдардын президентке жолдогон кайрылуусунда, оор кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталган криминалдык топ лидери Р. Акматбаевдин соту 28-октябрда өтө тургандыктан, мындай мамиле мамлекет башчысы үчүн жаңылыш кадам экендиги белгиленет.

«Ар-намыс» саясий партиясынын демилгеси менен премьер-министр Феликс Куловду колдоо митинги 2005-жылдын 26-октябрында Бишкектин «Алатоо» аянтында өткөрүлдү. «Биз коркпойбуз!» деген төш белги тагынган митингчилер, «Куловдун отставкасы-демокартиянын өлүмү», «Текебаев, Эшимканов–элдик депутаттар!», «Жарандык согушка жол бербейбиз!» деген ураандар менен чыгышып, бийликтен криминалга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүүнү, бийликтин кылмышка моюн сунуп жетеленишин токтотууну талап кылышты.

АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Дональд Лу президент Курманбек Бакиев менен 2005-жылдын 26-октябрындагы жолугушуу маалында, Кыргызстандагы азыркы кырдаалга «жаңжалдуу жагдай» деп баа берди. Америкалык дипломаттын баамында, уюшкан кылмыштуу топтун «ишмердигине» өкмөттүн көз жумду мамилеси, чет элдик инвесторлор жана донорлордун ишенимине балта чаап аткандыгы белгиленет. Дипломат кыргыз бийлиген кылмыштуу топтордун криминалдык ишин ачык-айкын тергеп, аларды соңуна чыгарууга чакырды.

Бу күнү, 1824-жылы Москвада Кичи театр ачылып, 1863-жылы Женевада Кызыл крест эларалык уюму ишке кирип, 1841-жылы автриялык астроном Теодор Оппольцер, 1842-жылы орус сүрөтчүсү Василий Верещагин, 1880-жылы генерал Дмитрий Карбышев, 1916-жылы француз саясатчысы Франсуа Миттеран, 1919-жылы Ирандын акыркы шахы Мухаммед Реза-шах Пехлеви, 1906-жылы кыргызстандык акын, жазуучу Якуб Земляк жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков, Бишкек
XS
SM
MD
LG