Президент Жорж Буштун да саясий абазы өзгөрө баштаганын байкоочулар шаршемби күнкү маалымат жыйынында баамдашты. Ирактагы иштерди ал мурдагыдай салтанаттуу демде эмес, жоошуңку мүнөздө сөз кылып, америкалыктар көп чыгымга учурап жатканын моюнга алды.
“Ирактагы иштер америкалыктардын көбүн алымсындырбай жатканын билем, ага мен да алымсынбайм”,- деп айтты ал. Буштун айтымында, Багдадда коопсуздукту чыңдоо максатында жаңы кадамдар жасалып жатат. “Душман тактикасын өзгөртүп жаткандыктан биз да тактикабызды өзгөртүүгө тийишпиз”, - деп белгиледи Буш. Буга кошумчалап президент америкалыктар диний жамааттар ортосундагы жаңжалга арачы боло албай турганын, Вашингтон өз озуйпасын Иракта коопсуздукту камсыз кылууда өкмөткө жардамдашуудан көрөрүн баса көрсөттү. Иракты сактап калуу милдетин, Буштун айтымында, өлкөнүн жетекчилиги өзүнө алышы керек. “Багдад өкмөтү туш болгон кыйынчылыктарды АКШ түшүнөт, бирок анын чыдамы да түгөнгүс эмес”,- деп эскертти Буш.
Тактиканын өзгөрүшү, Буштун сөзүнө ылайык, стратегиянын өзгөрүшүн билдирбейт. Бирок Ак үйдүн ишеничине арзыган эксперттердин көбү дал ушул жалпы багытты кайра карап чыкканга кеңеш беришүүдө. Америкалык мурдагы дипломат Ричард Холбрук,мисалы,”Вашингтон пост” гезитиндеги ачык катында Иракта Босниянын тажрыйбасын колдонуп, улуттук тайпаларга кеңири автономдуу укуктарды берүүнү жана өз аймактарындагы кырдаал үчүн жоопкерчиликти ошолорго жүктөөнү сунуш кылды. Башка бир комментарияларда Ирактагы аскерлердин көбүн Кувейтке же Окинавага которуу зарылдыгы айтылат.
Мындан тышкары Ирактагы иштерге Иранды жана Сирияны тартуу идеясын жактагандар бар. The Los Angeles Times гезити муну мурдагы мамлекеттик катчы, Буштардын үй-бүлөлүк досу эсептелинген Жеймс Бейкер да колдой турганын жазып чыкты. Бейкер азыр конгресс түзгөн комиссияны жетектеп,Ирактагы кырдаалды иликтеп жатат.
Комиссия өз тыянагын декабрда жарыялайт деген божомол бар. Ушу тапта “баштапкы саясий багытты улантуу зарыл” же “баарын таштап,Ирактан кетүү керек” деген эки маселе гана талкууга түшүп жатканын белгилеп, Бейкер Эй-Би-Си телеканалындагы интервьюсунда комиссия мүчөлөрүндө альтернативдүү сунуштар бар экенин ырастады. Ошол эле учурда Бейкер комиссиянын айрым корутундулары азыркы администрацияга калетсиз жакпай каларын да эскертти.
Президент Буш шаршемби күнкү маалымат жыйынында Бейкердин комиссиясы кандай тыянактарга келерин күтүп жатканын, ошого жараша Ирактагы тактикага олуттуу түзөтүүлөр киргизиле турганын бышыктады.
Иракта болсо бейшемби күнү америкалык дагы беш жоокер окко учту. Согуш башталгандан бери Иракта набыт болгон аскерлердин саны жалпы эсепте 2800гө чамаалап барып калды.