Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:03

Вена шаарындагы жыйында Грузия премьер-министри Маскөө саясатын сынга алды


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун кечээ күнү Вена шаарында өткөн жыйынында Грузия премьер-министри Зураб Ногайдели өлкөгө каршы Маскөө тараптан көрүлүп жаткан аракеттерди сынга алып, аларга карабастан, Грузия баары бир багынбайт деп билдирди. Премьердин айтымында, Орусиянын аракеттеринен улам Грузия - анын дүң өндүрүшүнүн бир жарым пайызына тете зыянга учурады, өлкө экспорту 17 пайызга кыскарды. Бирок, анын айтымында, баары бир Грузиядагы экономикалык өсүш быйыл 10 пайызга жетиш керек.

XS
SM
MD
LG