Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

ПРЕЗИДЕНТТИН ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕГИ СӨЗҮ КАТУУ СЫНГА АЛЫНДЫ


Президент Курманбек Бакиев 30-октябрда Жогорку Кеңештеги сөзүндө оппозициянын коюп жаткан ар бир талабына өз жообун айтты. Анын пикиринде, Конституциялык реформанын кечиккенинин өз себептери бар, ал эми Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевди азырынча кызматтан кетирүүгө негиз жок, Мамлекеттик телерадиокомпания болсо мамлекеттин колунда кала берет, үй-бүлөлүк бизнеске болсо документ түрүндө далилдер жок. Ал эми айрым депутаттар Бакиевдин мындай билдирүүсү ансыз да курчуп турган кырдаалды огобетер татаалдаштырды деп айтышууда.

Курманбек Бакиев өз сөзүндө жакында эле Ысыккөл, Жалалабат, Баткен облустарында карапайым калк менен жолугушуп келгенин, эл аткаруу бийлигине ыраазы болуп алкап жатканын, парламентти тартипке чакырууну сурангандар көп экенин айтты. Ал өлкөдөгү кырдаалды курчутуп жатат деп беш-алты депутатты айыптады.

- Төрт депутат кыйкыра берсе эле, муну кетир, тигини тыякка кой, аны быякка кой, антпесең мен митинг уюштурам, мынча миң киши алып чыгам, дегенди мен уга бербейм. Андайга барбайм. Мага күчүңөрдү көрсөтпөгүлө.

Бакиев ошондой эле үйбүлөлүк бизнеси тууралуу маалыматтар кызылдай ушак сөз, ага документ түрүндө далилдер жок деп бекемдеди.

- Эгерде менин балдарым мамлекеттик мүлктү менчиктештирип, бир жерде үлүшү болсо документтерди бергиле. Эртеси жардык менен мамлекетке кайра өткөрүп берейин,- деди Курманбек Бакиев.

Жарыш сөзгө чыккан депутат Мелис Эшимканов дароо эле президент Бакиевди катуу сынга алды.

- Сиз азыр бир документ таап келгиле деп убада бердиңиз. Убадаңызга туруңуз. Эгерде сиздин балдарыңыз, инилериңиз КООРТкобу, БИТЕЛгеби, Канттагы цемент-шифер заводунабы, Шампанвино комбинатынабы, башкага тиешеси бар документтерди колуңузга беребиз. Мырза болсоңуз ошолорду мамлекеттин карамагына өткөрүп бериңиз.

Эшимканов президенттин уулу Максим менен жеке каршылыгы жок экенин, болгону анын бизнесинен мамлекеттик казынага канча салык түшүп жатканына кызыкканын белгиледи.

- Мисалы, менин Максим менен жеке душмандыгым жок. Ал Кыргызстандын бизнеси өнүксүн деп 25 млн. доллар салып атыптыр. Азамат экен. Мен болгону ал кайдан келген акча, андан канча салык төлөдү, деп салык инспекциясына кайрылгам. Алардан ырасмий кат келди, бир тыйын салык төлөгөн жок деген. Бул суроонун эмнеси жаман?! - деди Мелис Эшимканов.

Ал эми депутат Муратбек Мукашев болсо өткөн жылы 24-мартта Жалалабаттагы Улуттук банктын бөлүмүнөн тонолгон 22 млн. сомдон ашуун каражаттын жоголушуна президенттин иниси Жаныш Бакиевдин тиешеси бар экендигин айтты.

“Президентке факты катары Орусиянын башкы прокуратурасы жолдогон Борис Березовскийдин Кыргызстанга келгендигин тастыктаган документти бүгүн беребиз. Бул документти да Бакиев калпка чыгарышы мүмкүн”, - деди Темир Сариев. Анын айтымында, президенттин билдирүүсү максатына жеткен жок жана Бакиевдин саясий чабалдыгы кырдаалды огобетер курчутушу мүмкүн.

Аманбек Дилденбай, Бишкек

XS
SM
MD
LG