Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:15

ЖЕРДИН ЖЫЛЫШЫ АЛААМАТКА АЛЫП КЕЛЕТ


30-октябрда Дүйнөлүк Банктын мурдагы жооптуу кызматкери Николас Стерн аба ырайынын жылып баратканы жана анын глобалдык экономикага тийгизе турган таасири туралуу баяндамасын Британ өкмөтү менен коомчулугуна сунуш кылды. Британ өкмөтүнүн тапшырмасы менен жүргүзүлгөн иликтөөдө эгерде климаттын жылып баратканына каршы токтоосуз чаралар көрүлбөсө, адамзатты чыныгы алаамат күтүп тургандыгы деп айтылат.

Сөз болуп жаткан документ жердин жылып баратышынын айлана чөйрөгө жана жалпы эле дүйнө экономикасына тийгизе турган таасирин майда-чүйдөсүнө чейин иликтеп чыгуунун биринчи аракети. Николас Стерн жетектеген изилдөөчүлөр тобунун айтымында, эгерде жер климатынын өзгөрүүсүнө каршы алгылыктуу чара көрүлбөсө, жакынкы 10-20 жылдын ичинде жердин орточо температурасы болжолу менен 5 градуска жогорулайт жана анын кесепеттери миңдеген жылдар мурда болгон муз доорундагыдан кем болбойт.

"Муз доорунда жердин температурасы азыркы дэңгээлден болгону беш градуска төмөн болгон. Мындай чакан айырмачылык олуттуу өзгөрүүлөргө түрткү болот. Физикалык географиянын өзгөрүүсү адамзаттын географиясын да өзгөртүп, жер которууга жана жашоо жолойубуздун өзгөрүүсүнө алып келет",-деди Стерн баяндамасында.

Экономисттин айтымында, климаттын жылышы менен мөңгүлөр ээрип, бир миллиарддан ашык адам суусуз калат. Деңиздер менен мухиттерден каптаган топон суудан 200 миллиондой адам мал- жан, үй- жайынан ажырап, жер которуп, башка өлкөлөрдөн баш калка издешет. Жер шарынын көп жерлери какыраган чөлгө айланып, ал жерде жашаган жандыктар жок болот. Улуттук дүң өндүрүш дүйнө өлкөлөрүндө кеминде 5 проценттен 20 процентке ылдыйлайт. Мындай өзгөрүүлөрдү алаамат менен салыштыруу гана болот, деди Стерн.

"Келерки 100- 200 жылдын ичинде биздин жакынкы жарым кылымдагы индустриалдык өнүгүүбүздүн эбегейсиз кесепеттери билинет. Бул өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин өлкөлөр менен чөлкөмдөргө жараша орточо эсеп менен гана алганда дүйнө экономикасы кеминде 5-20 процентке ылдыйлайт" ,- деди Стерн.

Экономисттин айтымында, климаттын өзгөрүүсүн басаңдаттуу үчүн дүйнө коомчулугу Киото протоколунда каралгандан кыйла катаң чараларды көрүүсү керек. 1997- жылы Япониянын Киото шаарында кол койулган протоколго ылайык, 2012- жылга чейин экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр өндүрүштөн бөлүнүп чыккан газдарды 5 процентке кыскартуусу абзел. 35 өлкө кол койгон протоколго дүйнөнүн экономикалык жактан эң өнүккөн өлкөсү АКШ каршы чыккан. Президент Жорж Буш бул өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизерин, айтып түшүндүргөн. Мындай аргументтерге шилтеме берген экономист Николас Стерн өндүрүш газдарын бөлүп чыгарууну кыскартуу долборуна глобалдык дүң өндүрүштүн бир эле процентин жумшаганда эле мындай дүйнөлүк алааматты алдын алууга болоор эле, деп белгиледи.

Стерндин докладында келтирилген болжолдуу көрсөткүчтөргө шилтеме берип, Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр эл аралык коомчулукту климаттын өзгөрүүсүнө каршы токтоосуз чара көрүүгө чакырды.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG