Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

БИШКЕК КООГАЛАҢ СЕЗИМДИН КУЧАГЫНДА


Бүгүн Бишкекте коогалаң болуп кетүү коркунучу бар дешип, шаардагы бир катар соода түйүндөрү эшиктерин жабышты. Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрүүдө. “Реформа үчүн” кыймылы митингди тынч өткөрүү максатында атайын элдик кошуундарды уюштурушканын билдиришти.

Ички иштер министрлиги түштүктөн кайгуул күзөттүн 500 кызматкерин Бишкекке алып келип, «Динамо» стадионунда кармап турушканын, Үсөн Сыдыков даярдаган миңден ашуун аялдар кыймылдын лидерлерине куйткулук уюштурууга камдалганын парламент депутаты Мелис Эшимканов кечээ 1-ноябрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул аракеттер Аскар Акаевдин доорунда Бакиевге каршы уюштурулган иштерге «коендой» окшош.

«Президенттин улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын жардамчысы болуп иштейт. Азыр ал төраганы мындай жылдырып коюп эле, акеси Жаныш Салиевич экөө бардык күч структураларын көзөмөлөдөшүп, өзгөчө Улуттук коопсуздук кызматынындагы аракеттердин бардыгына алдын ала схема чийишип иштеп атышат. «Альфа» деп койот. Ошол «Альфанын» азаматтары менен кудайдын куттуу күнү жер тепкилешип, абдан катуу даярданып атышат»,-деди Мелис Эшимканов.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев Бишкекке башка аймактардан милиция кызматкерлери алып келинбегенин айтты.

Бул маалымат жалган экенин мен расмий түрдө тастыктап бере алам.

Нурдин Жангараевдин айтымында, ошондой эле шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн тартип коргоо кызматкерлери бардык аракеттерди көрүп жатышканын айтты. Бул күнү алты миңден ашуун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштешип, коомдук тартипти көзөмөлдөп, кайгуул, күзөттү күчөтүшөт.

Кечээ кыргыз өкмөтү сасяий күчтөрдү сүйлөшүүгө чакырган кайрылуу жолдоп, анда Конституцияга ылайык мыйзамдуулукту, адам укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоо багытында бардык зарыл иш чаралар көрүлөрү айтылган.

Бишкектеги соода түйүнүндө иштегендер 24-марттагыдай окуя болуп кетет, дешип кооптонууда. Айрым чоң соода борборлорунда алдын ала коопсуздук көрүү максатында бул күнү иштебей тургандыктарын билдиришти. «Народный» соода түйүнүнүн кызматкери Марина Чубукова, бул күнү соода түйүнүндө ишембилик болоорун билдирди.

Ал эми «Дордой» базарынын директору Аманбай Кайыпов болсо «Дордой” базарындагы соодагерлер товарларын эч жакка алып кетишпегенин, базардагылар тынч экенин маалымдады. Анын айтымында, өзүлөрүнүн күзөт бөлүмүнүн кызматы күчөтүлүп, бгүн базар күндөгүдөй эле иштей берет.

2005-жылы 24-марттагы соода түйүндөрүн талап-тоноолор Бишкек тургундарынын эсинен али кете элек. Марттагы талоончулуктан Мадина базары, Бета-Сторес, ГОИН, Дордой-Плаза жана башка чоң дүкөндөр жабыр тартып, бир миңден ашуун ишкерлер «сызга» отуруп калышкан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы бир жарым миллиард сомду түзгөн.

Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG