Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: “МАГА КАНЧАЛЫК КЫСЫМ КӨРСӨТСӨҢӨР, ОШОНЧОЛУК ЖООП АЛАСЫҢАР”


(2-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында сүйлөгөн сөзү)

-Урматтуу депутаттар! Конституция боюнча өткөндө баштап, талкуулап, мен өз көз карашымды айткам. "Реформа үчүн" деген кыймыл менен жолугушуу болгон, ал жерде кээ бир позициялар боюнча биз макулдаштык, кээ бир позициялар боюнча макулдашкан жокпуз.

Андан кийин мен дагы бир топ фракциянын жетекчилери менен, комитеттин төрагалары менен, өкмөттүк эмес уюмдар менен сүйлөштүм, консультация жүргүздүм. Ошондуктан, мен ойлойм, бул жерде бир топ сунуштар болду, президентти күчкө салып, бир жерге такап, давай немедленно бүгүн кабыл алалы деп. Бул Конституция, урматтуу депутаттар, бул биздин баш мыйзамыбыз.

Дагы бир жолу айтып коеюн, эки саат ичинде, бир саат, же бир күндүн ичинде кабыл ала турган документ эмес. Мен кечээ 32, 33 депутаттын кайрылуусу менен тааныштым, эмне үчүн аларды угуп койбошум керек. Менин келген себебим, силерди да угайын деп атам. Мен силерден качкан жерим жок.

Конституция ушул жерде кабыл алына турган документ. Талкууну баштай бериш керек, мен катышып отурам, калган депутаттарды угалы, эмне шашып атабыз, бүгүн болобу, эртең болобу бүтүп калат, уже аягына жакындап калдык.

Туура кээ бир депутаттар айтып атат, митинг уюштуруп коюп эле мени жарга такаганыңар болбойт. Мен ойлойм, ал заман өткөн. Жанагыдай кысымды, мен дагы бир жолу айтып коеюн, мага канчалык күчүңөрдү көрсөтсөңөр кысым кылып, давление кыла турган болсоңор ошончолук ответ аласыңар. Эгер ошого бара турган депутаттар бар болсо, айтып коеюн, күчүңөрдү көрсөтпөй, кысымга албай, нормально диалог кылалы, сүйлөшөлү, пожалуйста.

XS
SM
MD
LG