Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:59

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: ПРЕЗИДЕНТ ЭЛ АЛДЫНДА БЕРГЕН АНТЫН УНУТТУ


(Жогорку Кеңештин жыйынында 2-ноябрда сүйлөгөн сөзү)

-Рашид Бакирович, менин алдымда сүйлөп, жолуңуз болбоду, эми сизге жооп берип койсом. Урматтуу шайлоочулар, урматтуу депутаттар! Эгер менин сөзүм одоно болсо кечирим сурайм, зоологиялык теманы президент баштады, эми мен бир аз улантып койсом дейм.

Чыгыш акылмандары мындай деген экен: «Эшекти хан сарайга камап койсо дагы эшек бойдон калат». Эшек көптөгөн касиеттери менен башка жандыктардан айрымаланат, мен экөөнү айтып коеюн, бирөөсү сокур, көк, өжөр, көрүп турса да туура эмес ишти жасай берет, билип турса да жасай берет. Кыргыздар муну башкача айткан: «Отко айдасаң бокко качат» деп. Ушуну менен менин зоологиялык темадагы сөзүм бүттү, эми конституция тууралуу сүйлөйүн.


Бул жерде урматтуу депутаттар айтып кетти, 14-18 адамдан турган кучка Бакиев башында турган, (мен депутаттардын сөзүн айтып атам), бийликти бөлүштүрүп алыптыр, бул-туалетке бара турган кагаз дейт. Бакиев, урматтуу шайлоочулар, президент баш болгон, госсекретарь, башка министри, өкмөттө ант берип, убада берген кагазды туалетке баруучу кагазга теңеди. Бул деген алардын жигиттик, патриоттук, моралдык касиетине Тагаев баа берди деп билем, ошондой болуп жатат да.

Урматтуу депутаттар, кечээ президент менен барып сүйлөшкүлө дедиңиздер, менин баргым келген жок, бирок силер бар дегенден кийин, сыйлап бардык. Ошол эле кезде, чыксам эмне үчүн үч адам эле Кыргызстандын келечегин президент менен чогуу сүйлөшүп коет. Бизди да кошуп албайт деп нааразычылык билдирип жатышат. Өзүңөздөр барып сүйлөшүп келгиле, сөздүн жыйынтыгын айткыла, анан ошону талкуулап көрүп туруп керек болсо, зарыл болсо кабыл алабыз дедиңиздер.

Ошол эле кезде эмне үчүн андай сүйлөшүүлөр болот деп өзүңүздөр бул жерден тескери сүйлөп жатасыздар. Бүгүн конституциялык чечимдин кечеңдеп жатканы биздин кризистин эң негизги себептеринин бири. 12-майда тандем түзүлгөндө мен дагы бир жолу кайталагым келет, депутаттар үчүн эмес, шайлоочулар үчүн кайталагым келет, Бакиев, Кулов кол коюп, 2005-жылдын аягына чейин биз конституциялык реформаны жүргүзөбүз, өлкөнү демократиялаштырабыз, Акаевден калган системаны түп-тамырынан алмаштырабыз дегенбиз.

Анткени 24-мартта элдер ошон үчүн чыккан, бир үй-бүлөнү экинчи үй-бүлөгө алмаштырбайбыз деп убада беришип, кол коюшкан. Алардын сөзүн бекемдеш үчүн Жогорку соттун төрагасы Осмонов, Конституциялык соттун төрайымы Баекова кепил кол койгон. Биз ишенген эмеспиз алдап кетет деп. Сиздердин көпчүлүгүңүздөрдүн добушу менен мен 17-майда дагы кошулуп, сиздердин атыңыздардан кепил болгом.

Сиздер мага 34 добуш берип жөнөткөнсүңөр. Бул деген ошол кепилдиктин аткарылышын мен эле эмес, ушул жерде отурган депутаттар да өзүңөр моюнга алгансыңар. Демек, баарыбыз ошону аткаргын деп талап кылышыбыз керек.
Биз талап гана кылбастан июнь айында 52 депутат кол коюп конституциянын долбоорун киргизгенбиз, ар бириңердин колуңар турат, 1 жыл өтө элек. Эгер президент киргизбесе, долбоорубузду өзүбүз киргизип, кабыл алабыз дегенсиңер, ошол менин сейфимде турат. Эртең мен ошону Жогорку Кеңешке киргизем. Эр болсоңор элдин алдына чыгып, мен ошол добушумду кайра алдым, эшегим ылайдан өттү деп шайлоочуларынардын алдына ушул жерден айткыла.

Сиздердин бетиңиздерди, сиздердин жүзүңүздөрдү эл–журт, шайлоочулар көрсүн. Эмне өзгөрдү бир жылдан бери? Туура, анда депутаттарды таратып жибериши мүмкүн деген сөз бар эле. Депутаттык мандатка жармашкан көбү, идеяга эмес, элдин келечегине эмес, системага каршы эмес, эптеп депутат болуп калалык деп. Мына бүгүн калып калгандан кийин, башкалардай болуп, өздөрүнүн сөзүн, убадасын аткарып, эмне экен, ал бир жерге баруучу кагаз дейт. Бул эң чоң документ, моралдык-ыймандык документ. Мындай сөздү, мындай антты унуткан адамдар элге акыл үйрөтүп, элдин алдында жүзүн көтөрүп басып жүргөнгө акысы жок, бул эркекчилик, жигитчилик дейт.

Мамажан, сен көп ырларды жазып жүрөсүң, кыргыздын макалын билесиң, «Жигиттин сөзү сынганча өзү өлгөн артык» дейт. «Коенду камыш өлтүрөт, жигитти намыс өлтүрөт» дейт. Бүгүн силер кыргыздын намысы жок, тебелеп-тепсеп, эл алдында берген антын унутуп басып кете берсе болот деп атасыңар. Мынакей, мен кийинки 18-майдагы соглашениени бүгүнкү кыргыздын каймагы, мырзасымын, кыргыздын кол башчы, жол башчысымын дегендердин анты турат. 10 күндүн ичинде президент ант бергенден кийин, эгер реформаны баштабасак бизди алдамчы деп эсептегиле, шайлоо алдамчы жол менен өттү деп эсептегиле, бизди баскынчы, бийликти мыйзамсыз өз кызыкчылыгына алган баскынчы катары айыптагыла деп бул жерде жазылып турат. Муну дагы туалетке баруучу кагаз дешет. Бизде ыйман, намыс калдыбы? Бийликти ушундай деңгээлде, кыргыздын туусун түшүрүп, намысын түшүрүп, ушул жылуу орунга жармашканга мына ушулардын биз мамлекетти, элди талкалатып, биз тарап кетишибиз керек. Мындай жетекчиси, мындай депутаттары бар эл - эл эмес.

Ошондуктан мен Курманбек Салиевич, кокусунан референдум кылып конституцияны кабыл алып кала турган болсоңуз, Жогорку Кеңештерди таратам деген убадаңызды баш тартпастан киргизиңиз. Мен элдин алдында айтам, эки колум менен колдойм. Эл жаңы депутаттарды шайласын, эң жаман парламент келсе ушулардай болот, мындан жаман болбойт. Эң жаман парламент келсе ушинтип сизди колдойт, мындан ашык колдой албайт.

Андан кийин президент Бакиев мөөрүн басып, 19-июлда Жогорку Кеңештин алдында да убада берген. Салтанаттуу убада, кыргыз элинин алдында, депутаттардын алдында убада берем деп турат. Мен президенттик кызматка киргенден кийин 2 айдын ичинде Жогорку Кеңешке конституциянын долбоорун киргизем, сиздер иштеп чыккан, сиздер жактырып элүү экиңиздер кол койгон конституциянын долбоорун киргизем деп убада берген, баарыбыз дүркүрөтүп кол чаап колдогонбуз. Эми бир эле жыл өттү. Эми муну көп жактуу дейлик, андан башка дагы көп жактуу Курманбек Салиевичтин убадалары бар да. 2005-жылдын 6-октябрында указдын номери 445, декабрдын 25-не чейин, мына мен жашыл менен чийип койдум, конституциянын долбоорун алып келемин деп талкуунун графиктерин аныктап, обладминистрация менен райадминистрацияларга тапшырма берип, 10 000 сунуш түштү, ошону 25-де киргизем деп өзү бакыйтып кол койбоду беле. 3 же 4 адам барып зордогон эмес. Андан кийинкиси, ал болбой калды.

14-ноябрда да приказ чыккан экен, анысын окубай эле коеюн.
2006-жылы 23-мартта дагы указ чыкты. Мурункусу болбой калды, эми дагы үчүнчүсүн иштеп чыгабыз. Өзүнүн ишенген юристерин жыйнап, элдик деген эмеси болсун деп Бекназаровду, ошондо барбагын, алданасын дегем, 100 жолу алданды, анан 101 жолу да барып элдик кылып берем деп, иштеп чыкты. Бул указда эмне деп турат: 1-сентябрга Жогорку Кеңешке киригизем деген, бүгүн мына ноябрь болуп атат.

Президент Бакиев ушул жерге келип мен ал үч проектин бирин да киргизбейм деди. Унута элексиңер, сентябрда матрешка иши менен келгенде учөө тең жарабайт деп. Көлгө барганда айтат, мен Жогорку Кеңешке киргизип койсом, алар карабай жатат, күнөөлүү дейт. Ошону кээ бир депутаттар, Адахан Кимсанбаевич айтат, силер карабай жатасыңар, күнөөлүүсүңөр дейт. Бизге Бакиев киргизбейм деген, биз кимге ишенебиз? Бакиевге ишенебизби, же Мыктыбек Юсуповичке ишенебизби? Эртең секретары жөнөтүп ийсе да карай беребизби. Өзү ушул жерде официалдуу түрдө айткан, мына жакында түштүк жакка барганда 20-ноябрда киргизем деп. Эми сиздер менен кеңешкенден кийин 20-декабрга жылгандай болуп жатат. Мейли анысын, сиздер эмне деп сүйлөштүңүздөр билбейм.

Эми сиздердин чечимиңиздер жөнүндө айтайын, сентябрда эки жолу Жогорку Кеңеш өзүнүн чечимин чыгарып, тастыктап ,биз иштеп чыккан, конституциялык кеңеш иштеп чыккан долбоорду Жогорку Кеңеш жактырат, Бакиев 20-октябрга чейин киргизсин деп өзүңүздө чечим кабыл алып бердиңиздер 45 депутат. Алгыла да ким кандай добуш бергенин көргүлө. 20-ноябрь өттү. Сиздер, албетте, анда бул нормага көп кызыкдар болбостон бажыкананын башчысын сактап калалык, генпрокурорду сактап калалык деп буга окшогон манилүү маселелерди көз жаздымда калтырып коюшуңар мүмкүн. Бирок бул сиздердин чечимиңиздер.


Ошентип митинге чыккан эл Жогорку Кеңештин абийири үчүн , кадыр-баркы үчүн күрөшүп, сиздер алган чечимдердин турмушка ашырылышын бийликтен талап кылып атат. Көбү айтат, кысып атасыңар деп. Кысып атабыз. Кыспасаң иш кылбай атпайбы. Бул мыйзам ченемде, конституция бизге укук берген кысуунун методу. Бул психологиялык, моралдык, саясий кысым. Эгерде ушул анттарды аткарбаган адам, эми класс жетекчи деген бул ыйык нерсе, көчөдөгү бандформированиенин да лидери боло албайт. Аларда сөз кыска. Андай адамдарды эмне дейт, каерге отургузат, биз билебиз. Ошондо эгер биз мамлекетти сактап калабыз десек, мамлекетте авторитеттүү адамдар отуруш керек. Бүгүнкү бийлик болбой калды. Отурганда эле кыйшак отурду дейт, же жаман жеринен жыртылган дейт. Оңдош кыйын, оңдоого мүмкүн эмес, ошондуктан биз тез реформа кылып, бийликти горизонталдуу жана вертикалдуу бөлүштүрүп, сактап калалык деп жатабыз, ошонун ичинде урматтуу Курманбек Салиевичти сактап калалык деп жатабыз.
Сиздер сунуш кылган жол эмес, мына биз сунуш кылган жол Курманбек Бакиевдин келечегине балким гарантия берет.

XS
SM
MD
LG