Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:54

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: БАКИЕВГЕ КАНЧА ЖОЛУ АЛДАНДЫМ


-Биздин сүйлөшүүнүн натыйжасы боюнча Кыргызстандын эли да билбейт, журналисттери да билбейт. Депутаттардын көбү билбей жатат. Эртең менен Жапар депутат Жапаров айтты маалымат берип койсун деп. Андыктан мен маалымат берип коеюн.

Урматтуу шайлоочулар! Оппозициянын өкүлү катары коомчулуктун, депутаттардын сунушу менен биз беш депутат жана “Реформа кыймылынын” өкүлдөрү, анын жетекчиси Алмаз Атамбаев менен шейшемби күнү президент менен сүйлөшүүгө бардык. Саат ондо бардык, экиге чейин сүйлөшүү болду. Чынын айтайын, сүйлөшүү абдан конструктивдүү, жемиштүү болду. Мына президент ушул жерде отурат. Адахан Мадумаров, Мыктыбек Абдылдаев, Феликс Кулов да отурду. Ал жакка биз депутат катары барган жокпуз, биз оппозициянын өкүлдөрү катары бардык. Сүйлөшүүдө бир пикирге келе алдык. Биз айттык, биз башкаруунун парламенттик формасын каалайт элек, бирок көпчүлүк коомдук пикир үчүн, сизге мүмкүнчүлүк берели, сиз президенттиктен бери жылыңыз, биз парламенттиктен ары жылалы да, башкаруунун аралаш формасына токтойлу дедик.

Ошондой чечим кабыл алып, Курманбек Бакиевдин сунушу менен үч-үчтөн макулдашуу комиссия түзүлдү. Түштөн кийин келип отургула деп президент бизге тапшырды, ошол үчүн иштедик биз, ал жакка барып узурпация кылган жокпуз. Президент суранганынан отурдук, тапшырма берди үчтөн отургула иштегиле деп. Мен ошол жерде мындай сунуш киргиздим, мына өкмөт башчы да отурат, аткаруу бийлигинин өкүлү катары Феликс Кулов да катышсын дедим, президент каршы эместигин билдирди. Кулов өзү да колу бошосо келип катышаарын айтты. Мына ушинтип, иш процесси жүрдү. Туура айтып атат, анткени ушул убакка чейин бир жарым жыл ичинде коомчулук эмес, Кыргызстандын эли бардыгы Конституциялык реформа эмне экенин түшүнүп, билип койгон. Мына Өмүрбек Текебаев айтып кетти, 52 депутат өзүңөр катышып, иштеп чыккансыңар, Конституциялык кеңешменин катарында талкуулап бүткөнсүңөр, сунуш кылып бергенсиңер. Андан кийин “жок бул болбойт экен, коомдо бир пикир болбой атат, башкаруунун үч формасында жазып бер” деп, мага, бизге, жумушчу топко президент өзүнүн жарлыгы менен дагы тапшырма берди. Биз он бир киши: үч депутат, эки министр, эки сот, коомчулуктан, окумуштуулардан өкүлдөр менен кошо иштеп чыктык.

Президентке мөөнөтүндө, 1-августта тапшырдык. Президент ошондо айткан, “эгер силер башкаруунун үч формасын иштеп чыксаңар, мен август айында Конституциялык кеңешмени чогултуп, бир чечимге келип, анан сентябрда парламентке киргизем” деп айткан. Биз аны да аткардык, үчөөнү тең бердик, жакшыбы-жаманбы ал башка маселе, бирок президенттин колунда бар эле. Кечээ экинчи күнү келгенде айтат “Менде он сегиз долбоор бар” деп. Он сегиз долбоор эмес, үч миңден ашуун сунуш түшкөн. Элүүдөн ашык долбоор түшкөн, биз баардыгын анализдедик. Кечээ президент башкасын эмес, өзүнүн долбоорун киргизерин айтты. Мен акыйкаттык үчүн айтып коеюн: ошол өзүнүн долбоору болсо, аны негиз кылып алып, ошонун үстүндө иштейли деп, Курманбек Бакиевдин долбоорун алып кел деп, Бектур Зулпиевге айттык. Бирок тилекке каршы жок экен. Ошондон кийин биз Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоорду негиз катары алып, аткаруу бийлиги, ЖК, президенттин укуктарын ошол жерден эле көчүрдүк. Сот бийлиги менен адам укуктарын биз иштеп чыккан долбоордон алдык. Президенттин ар бир айткан сунуштарына макул болдук, жергиликтүү соттордун судьясын президент дайындасын, макул дедик. Жогорку соттун судьяларын президент ЖК сунуштасын, өкмөт курамын президент тапшырсын деди макул болдук. Биз бардыгына макул болдук.

Мен дагы бир жолу суранам: бизди узурпация кылды деп айыптоо туура эмес. Биз жемиштүү сүйлөштүк, кудай буюрса, 2-ноябрь элдердин ынтымакка келген, биримдикке келген жакшынакай бир майрамы болот экен деп, сүйүнүп келгем. Бирок бүгүн таптакыр башка. Курманбек Салиевич, биз кандай сүйлөштүк эле? Бейшемби күнү биз бири-бирибизди айыптап, кемчилигибизди чукубай, сиздин апкелген Конституцияны талкуулоодон баштайбыз ишти дебедик беле? Мына бул да болбой калбадыбы? Бул оюнду ким баштап атат? Сиз менен сүйлөшкөндө баардыгы жакшынакай, үмүт кылып келебиз, бирок келсек эле таптакыр башка. Мен түшүнбөй калдым. Урматтуу коллегалар, мен сиздерден суранат элем, бүгүн бири-бирибизди айыптап, түндүк-түштүк деген балээлерди чыгаруунун кереги жок. Бүгүн ошол элге эл күтүп аткан Конституциялык реформаны кантип, кандай кылып кабыл алабыз деген сөздөн башташыбыз керек эле. Азыр сыртка саат экиде чыгып элге эмне деп айтабыз. Бири-бирибизди чукудук деп айтабызбы.

Ошондуктан бүгүн элдин алдына чыгаардан мурун парламент регламентин өзгөртүп, түштөн кийин Конституциялык долбоорду талкуулоо башталды деп чыксак жакшы болмок. Өткөндө ушул жерде айтылды эле, Конституциялык реформа эмне үчүн керек. Төрт эле депутат дегенге. Мына менин катарымда Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков, маркум Апсамат Масалиев өтүп кетти. Мына бизди ошол өткөн созуктарда да төрт депутат деп Айдар аке мени айыптап жүргөн. Бүгүн деле төрт депутат деп айыптайт. Бул жерде кеп төрт депутатта эмес. Кеп бул системаны кантип өзгөртөбүз. Өкмөттүн мүчөлөрүн дайыма айыптайбыз. Паспорт боюнча жана башка нерселер боюнча. Добуш беребиз да отставкага кетти деп жатат. Мен бир дагы өкмөттүн мүчөсүнө добуш бере элекмин. Себеби кеп өкмөттүн мүчөсүндө эмес. Кеп системада болуп жатпайбы. Булар расходный жакта отурушат. Мага акча бөлүп бесең, бардык мектебиңди куруп берем деп. Акча жок да. Ал эми бюджетке түшө турган киреше жагы кимдин колунда. Ушул жерде бирөөлөр барбы азыр отургандардан. Таможня отурабы же башка агенттиктер отурабы биздин жаныбызда. Жок. Буларды да укпайт алар. Системаны ошон үчүн өзгөртөлү деп жатабыз.

Өткөндө Курманбек Салиевич фактыны бергиле дедиңиз эле. Мен он обьектини Курманбек Салиевичке кечээ тапшыргам. Президент айтат “бул жерде эч кандай далил жок турбайбы” деп. Айдар Акаевге дагы, Адил Тойгонбаевге да бир дагы обьект оформить этилген эмес. Эгерде сиз мен берген обьектини указыңыз менен алып койсоңуз чыныгы кожоюн ким экенин билесиз. Өзү эле чуркап келет алдыңызга. Мына ошолордун ичинде “Жерүй”, “Бител”, Шампан Комбинат, “КООРТ”, “Мегаком” ж. б бар. Ошондуктан мен суранат элем. Азырынча биз аларды аягына коймоюнча, он беш жылдан берки тонолгон мүлктөрдүн аягына чыгып, элге мына булар уурдалган экен, тигилер менчиктеп алышкан экен демейинче, биздин чыр боло берет. Мына Данияр Токтогулович отурат. КСШКнын 13 пайызын алып туруп, кайра берип койгон киши. Сотту чакыртып өзгөртүп туруп. Мен көзүнө айтам. Аны ким алганы белгилүү. Мен берген документтин ичинде бар. Ал жерде Данияр Токтогуловичтин да колу бар. Арест салынып турган обьектини саттырткан. Кимдин күчү жетет ага. Дагы бир нерсени айтып коеюн. Качып жүргөн Танаев менен Калиевдин үстүнө кылмыш иштери кыскартылды. Кечээ күнү шашылыш түрүндө кыскартылды. Эмне үчүн бул эки иш шашылыш түрүндө кыскартылды деп генералдык прокуратурадан сурап коюңуз. Сөзүмдүн аягында айтып кетерим, өткөндө премьер-министр ушул жерде айтты мен кат жөнөткөм деп. Курманбек Салиевич бүгүн сиздин командаңыз жок. Бир жарым жылдан бери командасы жок иштеп жатасыз. Тандем экөөңөр команда деп ооз түрүндө айтканыңар менен бири-бириңерга кат аркылуу сүйлөшөсүңөр. Бир кабатта отуруп алып кат жазышасыңар. Ага мына Феликс Шаршенбаевич айтты мен бир топ кат жөнөттүм дейт. Эгерде Конституциялык реформа кылсак коалициялык өкмөт автоматтык түрдө өзүнөн-өзү түзүлөт. Аны биз переходный положениесинде кечээ жаздык. Мына ошону менен командаңызды курайсыз. Шайлоочуларга айтып коеюн. Тандемди кет деген эч ким жок. Силер таап бергилечи ким кет деп жатат. Талаптардын бардыгында айтылып жатат. Буларды жасаңыз. Бир жарым жылдан бери ушуну айтып келе жатабыз. “Жасаңыз, жасаңыз, жасаңыз” деп. Жасабаган элге эмне дейбиз. Он беш жыл күтөт беле Акаевди күткөндөй.

Бир жыйынтыкка келиш керек. Ким сизге жолтоо болуп жатат. Бүгүн Конституциялык реформаны алып келип туруп, биздин алдыбызга таштап койгондо биз ызы-чуу болуп түшкө чейин чечет элек да. Сиз “парламентке бердим, алар талкуулап жатат” десеңиз эл сизге ыраазы болот эле. Мунун кандай кыйынчылыгы бар. Ким сизге жолтоо болуп жатат. Мен түшүнбөйм. Ошондуктан бүгүн мага да табышмак. Өмүрбек Текебаев мени туура күнөөлөп кетти. Ал “сен жүз жолу алдандың эле, кечээ күнү эми жүз биринчи жолу алдандың” деди. Мен барбайын дегем сиздин алдыңызга. Жайында Аксылыктарды сабатып койгонуңузда, ошондон кийин мен барбайм дегем. Бирок, элдин ынтымагы үчүн мамлекетибиз бөлүнүп кетпеш үчүн ошол амбициямды таштап акыркы үмүт менен бардым эле. Кудай буюрса жакшы болот. Сүйлөшүүдөн кийин андан бетер сүйүндүм, 2-ноябрда митингге чыккандар майрам менен кайтышат экен. Бирок дагы бир жолу алданыптырмын. Өмүрбек Текебаевдин айткан сөзүндөй мен алданыптырмын. Мен мойнума аламын. Сөзүмдүн аягында сиз дайым мени күнөөлөйсүз.

Аксы окуясын алты айдын ичинде бүтүрө албай койдуң. Аксы окусы боюнча бир ишти токтотуп койду. Кечээ күнү айтып бердим. Бир ишти кыскартып салды. Аксылык шайлоочулар билсе уксун. Мен Курманбек Салиевич ал иштин 70-80 пайызын бүтүрүп койгонмун. Сиз аны жакшы билесиз. Бирок, андан бери бир жыл, бир ай өттү. Эмне үчүн бул иш жабылып жатат. Анын да себебин элге айтып койбойсузбу? Калыстык үчүн. Менин убагымда калган козголгон жүздөн ашык иштер бар эле мына өзүңүздөргө Марат Абдыразакович таратып берди. Искак Масалиевге мына менин комиссияма бериптир. Баардыгы токтотулган же кыскартылган.

XS
SM
MD
LG