Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 00:31

МЕЛИС ЭШИМКАНОВ: ЫПЛАС БИЙЛИК КЕТМЕЙИНЧЕ, ЭЧ КИМ АРТКА ЧЕГИНБЕЙТ


(3-ноябрда Алатоо аянтындагы митингде сүйлөгөн сөзү)

Урматтуу достор! Кечээ келип бир тобуңар суука карабай ушул жерде жатып, турдуңар. Кыргызстандын тарыхында жаңы барак ачылып жатат. Бакиев менен Куловдун жана алардын командасынын тактикасы кандай. Азыр буларды ичара бөлөбүз, арасына баягыдай эле провокаторлорду, спортсмендерди киргизебиз, мушташ чыгарабыз, эл тажайт, жиндери келет анан чачырап 2-3 күндөн кийин жок болушат деп атышат. Мен айтып коеюн, кечээкидей 30-40 миң болобу, бүгүн мына жаңы эле башталды 2-3 миң болобу, 500 болобу, бул жерде отуздан ашык Жогорку Кеңештин депутаттар болуп эң негизги талаптар, бүгүн Кыргызстанды коррупциялык, ыплас саясатка батырган биринчи жетекчилер Бакиев менен Кулов кетмейинче эч ким артка чегинбейт.

Ошону жакшылап кулактарына куюп алсын. Биздин митингибиз эмне үчүн мөөнөтсүз деп саналды. Мөөнөтсүз деген Кудайдын кутту күнү чогулабыз, эч кимден коркпойбуз, эч кандай тартип бузбайбыз. Буюрса бүгүн түштөн кийин Чүй, Талас, Көл, Нарын, Ош, Жалалабат, Баткен облустарында кечээки биздин митингди уккан, колдогон адамдар ошол жердеги район, облус, шаар администрациялардын алдына чыгып, биз менен тилектештик билдирүү башталмакчы. Андан тышкары саясий күрөштүн көп түрлөрү бар, саясий ачкачылык, жөө жүрүш, пикет деген бар. Биз алардын жанагыдай провокацияларына, биринчи күнү Конституцияны кабыл алабыз деген саясий оюндарына, мына азыр эле Эдил иним айтып кеткендей, сөзүңөрдү жаздырып алдык, мындай сүйлөптүр, Эшимканов антиптир, Текебаев минтиптир деген ыплас оюндарына көңүл бурбастан, улут, журт катары бул жердеги бир боордоштор кол кармашып, бири-бирибизди сатпай, бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпай, үйгө барып тамак ичип келип, кайра келип, эң негизги максатты аягына чыгарышыбыз керек.

Бизди шылдыңдап атышат, Украинада, Грузияда, Европада уюштурганды билет, а бул каяктагы бир Орто Азияда Кыргызстанда кайдагы демократия, кайдагы саясий маданият деп. Өзүңөргө жакшы белгилүү быйыл апрелдеги, майдагы митингдерди биз көрсөттүк го. 24-марттагыдай морадерлукка жол бербесе, чабышпаса, милиция менен элди кагыштырбаса болот экенин.

Дагы бир нерсени айтып коеюн, кечээ көрдүңөр өзгөчө Ички иштер министрлигиндеги милиция кызматкерлери, башка күч структураларында менин көзүм жетет дээрлик 60-70 пайызы бүгүнкү чыккан бизди, силерди колдогон азаматтар. Алардын бирөөсү дагы бирөөңөргө төбөңөргө таяк чаап, колдоруңарга кишен салып, ок атып, өйдө жактан Акүйдөн буйрук болсо аны аткарышпайт. Ага ишенип койгула. Эң негизгиси чарчабагыла, кайдыгер болбогула, ачууга алдырбагыла. Ушул боз үйлөрдө кудайдын кутту күнү бирден, ондон, жүздөн, миңден киши болуп бир жума болобу, 10 күн болобу түпкү максатыбызга жетебиз. Бар болуңуздар. Рахмат.

XS
SM
MD
LG