Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

ОППОЗИЦИЯ КТРден ТҮЗ ЭФИР БЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛУУДА


Бүгүн «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери баштаган нааразылык акциясынын катышуучулары шаардык мэрияга жана КТРдин имаратына чейин жөө жүрүш жасап, бул мекемелердин жетекчилеринин отставкасын талап кылышты. Ошондой эле алар КТРден митинг тууралуу маалыматтарды бурмалабай жеткирүүсүн, түз эфир аркылуу элге кайрылып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышты.



Нааразылык митинги бүгүн саат ондо кайрадан жанданды. Түнү менен аянтта түнөп калган митингчилердин катарына эртен менен кайрадан дагы эки миңге жакын эл келип кошулду. Экс-спикер Мукар Чолпонбаев бийлик өкүлдөрүн жана айрым мамлекеттик маалымат каражаттарын митинг тууралуу туура эмес маалымат берип жатышат деп күнөөлөдү:

"Өзүнүн эмне үчүн келген маселесин билбей эле келип турушат деп атышат. Кечээ КТРден жаңылыктардан берип атат бул жерде беш миңге жетпеген киши келди, ушул беш миң киши кет десе эле президент кетип калабы деп берип атат. Мунун баары туура эмес маалымат. КТР коомдук телекомпанияга айландырылышы керек."

Ал эми президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын жетекчиси Турсунбек Акун бийлик оппозицияга карата калыс боло албай жатат деп айтты:"Азыркы бийлик, мен курамында турган, президент башында турган бийлик ачыгын айтыш керек, өзүнүн элине, оппозицияга карата калыс болбой атабыз, акыйкат боло албай атабыз, бир жактуулукка жол берип атабыз."

Митинг башталгандан көп өтпөй эле депутат Темир Сариев бүгүн парламент жыйынында бийлик провокациялык максатта атайын жасалган дискетти оппозицияга таңуулап, жок жерден чагым кылып жатат деп кабарлады:

"Алар премьер-министрдин буйругу менен кандайдыр бир дискетти жасашкан экен, анын ичинде депутаттар Акүйдү жана мамлекеттик бийликти басып алат деген сөз кетти деп туура эмес маалымат берип жатышат."

Темир Сариев тескерисинче чагым бийлик тараптан болуп жаткандыгын белгиледи:

"Бул жердеги депутаттарга, штабдын мүчөлөрүнө кылымыш ишин козгоп, азыр камайбыз деп иш-аракеттерин жүргүзүп атат дейт. Бирок биз андан коркпойбуз. Анткени биз Конституциянын, мыйзамдын негизинде өзүбүздүн сөзүбүздө ачык айтып, иш-аракеттерибизди жасап атабыз. Кечээтен бери бир да мыйзамдан тыш чыккан аракеттер жасалган жок."

Андан соң митингчилер оппозицияны шылдыңдаганы үчүн Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев да кызматтан кетүүсүн жана КТР аркылуу митинг тууралуу маалымат бурмаланбай туура берилүүсүн талап кылып, мэрияга жана КТРдин имаратына барышты. Мэриянын алдында милиция кызматкерлери турган.



Мэрияга Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Иса Өмүркулов, Өмүрбек Текебаев жана Каныбек Иманалиев кирип, бир аз убакыттан соң Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоевдин коштоосунда чыгышты. Арстанбек Ногоев Конституциялык реформаны колдоорун, митинг учурунда мыйзамдын чегинде шаарда тартипти кармоого аракет кыларын билдирди:

"Мен да ошол реформаны колдойм. Бирок ультиматум коюп, коркутпагыла туугандар. Мыйзамдын чегинде мен жардам берем. Мыйзамдын чегинде тартипти кармайбыз."

Андан ары митингичилер КТРдин имаратына барышты. Бирок, имаратты курчай тизилген милиция кызматкерлери депутаттарды киргизишкен жок. Ошол жерде КТРдин жетекчиси Кыяз Молдокасымов менен айрым депутаттардын ортосунда бир аз чыр чыгып кетти.



Көп өтпөй Сариев, Бекназаров, Текебаев баштаган «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери, депутаттар Иманалиев, Артыкбаев, президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун имаратка кирип, КТР жетекчилиги менен сүйлөшүп чыгышты. Алар сыртта күтүп тургандарга КТРден оппозиция лидерлерине кечки саат жетиден онго чейин эки жолу түз эфир берилмей болгондугун кабарлашты.

Бирок КТРдин президенти Кыяс Молдокасымов бул маселе али толук чечиле электигин “Азаттыкка” маалымдады:

"Убакыт бөлүнө элек. Азыр кеңешип жатабыз. Эгерде оппозиция өкүлдөрү кечээгидей бийлик өкүлдөрү менен үч-үчтөн болуп чыгабыз десе, ошондой вариантта чыгарабыз. Эгер алар өкмөт менен сүйлөшө албаса, анда ошого жараша эфирдин тагдыры чечилет."

Учурда Алатоо аянтында нааразылык митинги уланып жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG