Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

ЫСЫККӨЛДӨ “РЕФОРМА ҮЧҮН” КЫЙМЫЛ ЭЛДИ МИТИНГГЕ ЧАКЫРУУДА


“Реформа үчүн” кыймылдын өкүлдөрү Ысыккөл облусунун борборунда үч күндөн бери элди оппозициянын митингисине чакырып, атайын баракчаларды таратууда.

Ысыккөл боюнча Каракол шаарында 2-ноябрдан бери мөөнөтсүз митинг уюштуруу аракеттери жүрүп атат. “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлү Жыргалбек Турдукожоевдин айтуусунда, митингдин биринчи күнү борбордук аянтта өтүп атканда электр энергиясы өчүрүлгөндүктөн, 3-ноябрда “Ак тилек” базарынан уланган. Ал жерден бийликке коюлган талаптарды 200дөй киши колдой баштаган. Бирок, укук коргоо органдары жашаган дарегин сураштырып баштаганда алар митингге катышуудан баш тартышкан. Ошондуктан оппозиция Кашкасуу кичи районуна орун которуп, баракчаларды таратышкан. Ал жердегилер митингге чыккандарга күч колдонулат деген эскертүү болгонун төмөндөгүдөй белгилешти:

- Газ менен атуу болот, чыкпагыла үйүңөрдөн дешкен.

Чогулган 140тай киши негизинен социалдык абал жакшырбаса, чыңалуу күчөйт деген да пикирлерин айтышты.

Каракол шаарында чакан чөйрөдө өткөрүлүп аткан мындай митингдерге “Асаба” партиясынын мүчөлөрү каршы экендиктерин маалымдашты эле, алардын айрымдарына суроолор менен кайрылдык.

-Бекназаров “Реформа үчүн” кыймылга кирсе, ал эми Караколдогу бөлүмү кирбейт экен. Позицияңар эки башкабы?

- Позициябыз эки башка болуп калды. Себеби oрдо кеңеш менен эч кеңешпей туруп Роза Отунбаева менен Азимбек Бекназаров “Реформа үчүн” кыймылга кирип алышты. Жалпы oрдо кеңештин мүчөлөрү менен кеңешип анан чечиш керек болчу. Өздөрү башаламан кошулуп кетишти.

- Ысыккөлдө канча мүчө бар?

- Ысыккөлдө “Асабанын” кырктай мүчөсү бар,- деди Ысыккөлдөгү “Асаба” партиясынын ордо кеңеш төрагасы Канымет Жакыпбектегин.

Учурда Каракол шаарынын бардык жеринде кырдаал тынч болгону менен “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Таалай Абдылдаев узак мөөнөттө митинг болоорун жарыялап, борбордук аянтка бозүй жана бир топ чатырларды тигүү үчүн кам көрүлүп атканын белгиледи.

Рита Нурмамбет кызы, Ысыккөл

XS
SM
MD
LG