Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

10:00 Нурланбек Шакиев: Президент Курманбек Бакиев антимитингге каршы


Президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиевдин айтымында, борбордук аянттагы митинг тынч өтүп жатат. Эң башкысы, ашыкча провокация болгону жок. Бирок, оппозиция өкүлдөрү азыр региондордон, айрым жерлерден элди көтөрүүгө, кайсы бир жайларды басып алууга аракет жасап жатат деген кабарлар келүүдө. Ошол эле учурда Президентке, Президент администрациясына, Кыргыз Өкмөтүнө өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан көптөгөн телефон чалуулар болуп, телеграммалар келип жатат. “Алар эмне үчүн бийлик тарап тиги тополоңчуларга чара көрбөйсүңөр, болбосо биз көтөрүлүп, аларга каршы митингдерди уюштурабыз деп өтүнүшүүдө. Президент Бакиев Курманбек Салиевич болсо эч кандай антимитингге жол берүүгө болбойт деп, жергиликтүү бийликтерден кыштын камын көрүү багытында гана иштөөсүн талап кылууда”,- деди Нурланбек Шакиев. (KKu)

XS
SM
MD
LG