Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

АКШДА КОНГРЕСС, СЕНАТ ШАЙЛООСУ – КЫРГЫЗСТАНДА КӨЧӨ ЖЫЙЫНДАР


Кошмо штаттарынын конгресс менен сенатка ортолук шайлоосуна демократтар менен республикачылардын экөө тең чоң үмүт артууда. Алдынала эсептөөлөр боюнча конгресстин өкүлдөр палатасындагы кыйла орунду демократтар ээлешчүдөй. Кыргызстанда конституциялык реформанын айланасындагы талаш-тартыштар көбүнесе ачык аянттарда уланууда.

Конгресстин өкүлдөр палатасындагы 435, сенаттагы 33 бош орунду ээлөөнүн жыйынтыгы жакын арада жарыя кылынат. Негизги атаандаш эки партиянын кимиси жеңишке жетишери, анын натыйжасы ушу тапта аткаруу бийлигинин башында турган президент Ж.Буштун саясатына кандай таасир көрсөтүшү ыктымал суроосунун тегерегинде ой калчагандар көп.

ЮНЕСКО иштери улуттук комиссиянын төрагасы Жыпар Жекшеев кайсы партия мыйзам чыгаруу бийлигинде көпчүлүк орунду ээлегени өлкөнүн саясий туруктуулугуна таасир көрсөтө албайт, деген пикирде.

- Ал жерде элдин демократиялык маданияты, деңгээли абдан жогорку деңгээлде. Анан мыйзамды сыйлоо ал жерде ыйык катары кармалат, эч ким мыйзамды ал жерде бузуп өтө албайт.

Анткен менен кош партиянын кимиси арбын добуш алышы АКШдагы коомдук-саясий турмушка кадимкидей таасирин тийгизери турган иш. Аны Жыпар Жекшеев мындайча түшүндүрөт.

- Республикалык партия конгрессте көбүрөөк жеңишке жетишип, арбын мандат ээлеп калса, анда булар базар-нарк мамилелеринин уламдан-улам тереңдеп, капиталисттик өнүгүү багыты дагы тереңдеп, ошол күчөп кетиши мүмкүн. Социалдык маселелер кыйла аксап калат. Демократиялык партия конгресске көп келип калса, анда баякы социалдык жардамга, колдоого муктаж адамдаргa көмөктөшүү саясаты кичине күч алат.

Жыпар Жекшеев Кыргызстанга деле АКШдагыдай шайлоо системасын киргизсе, азыркыдай талаш-тартыш, саясий тиреш болбойт эле, дейт.

- Албетте, 100% партиялык тизме боюнча шайлоого өткөндө биз көп оорудан тезирээк айыгып, сакайып чыгып кетмекпиз.

Американын Борбор Азиядагы университетинин профессору Ланс Тиллмандын ырасташынча, кийинки төрт жыл ичинде Кошмо штаттарда биртоп өзгөрүүлөр болду, эми шайлоочулар атаандаш партиялардын кимисин көбүрөөк колдой турганын көрсөтүшмөкчү.

- Төрт жыл аралыгында Америкада кыйла өзгөрүүлөр болду. Эми америкалыктар эки партиянын ичинен кимиси демократиянын оптималдуу вариантын бере аларын аныкташууда. Кийинки төрт жыл ичинде канчалык деңгээлде элдин эркиндиги, инсан эркиндиги чектелди, андай болбойбу суроосу турууда.

Л.Тиллман Кошмо штаттарда деле шайлоо кыйла кызуу талаш-тартыштар менен өтөт дейт.

- Аркыл талаштар бизде деле өтөт. Ансыз шайлоо өтчүбү. Өкүмзор бийлиги орногон жерде, куугунтугу күчтүү жерде шайлоонун кандай өткөнү жашыруун-жабык болот. Ачык өлкөлөрдө, АКШда деле шайлоо талаш-тартыш, маалымдоо каражаттары аркылуу чагымчылык кылуу, күрөш-тиреш менен коштолот.

Ланс Тиллман Кыргызстанда өтүп жаткан тынч жыйындар өлкөнүн демократиялык жаңыланышына таасирин тийгизет, деп эсептейт.

- Өтүп аткан жыйындар кийин-кийин жакшы жыйынтыктарга алып келет. Кечээ университеттен чыгып келатканда эки жыйын катышуучуларынын кагылышын көрүп калдым. Мен Бишкектин башка жагында жашайм. Ал жерде турмуш өз нугунда уланууда. Эки аянтта эле кызуу турмуш өтүүдө. Бул менин оюмча, келечегинде дурус натыйжага алып келет.

Конституциялык реформанын айланасынан чыккан талаш-тартыштын натыйжасы Кыргызстандын саясий турмушуна олуттуу дегидей жаңылык алып келиши керектигин көпчүлүк күтүп олтурат.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG