Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

ЭМИ БАКИЕВ МУДАГЫДАЙ САЯСАТЫН ЖҮРГҮЗӨ АЛБАЙТ


Жаңы Конституциянын кабыл алынышы бардык маалымат каражаттарынын башкы темасы болуп калды. Гезиттер бул окуяга байланыштуу ар кандай көз караштарга, комментарийлерге орун берүүдө.

«Алас» гезитиндеги соболунда «Реформа үчүн» кыймылдын координатору Өмүрбек Абдыракманов, бул чоң жеңиш экенин, бирок Бакиев тормозду далай ирет басып, чалмакей чаларын, журналист Жылдыз Муслимова, кыймылдын эң башкы максаты орундалганын, эми КТРды коомдук телеге айлантуу маселеси турганын билдирген. Депутат Тайырбек Сарпашев, баарыдан да эл ойгонгонун, эми бийлик өз каалаганын кыла албастыгын, коомдук ишмер Касым Исаев, парламенттик башкарууга өткөндө аң-сезим жогорулап, тууганчылык, жердешчилик, тааныштык сыяктуу илдеттер акырындап жоголорун айткан. Ушундай эле суроого жооп издеген «Айкын» гезити, депутат Нооманжан Аркабаевдин пикирин сураганда, ал, «Реформа үчүн» кыймылдын системаны өзгөртөлү дегени жөн гана көз боемочулук экенин, алардын бир гана максаты бийликти алуу болгонун айтат. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев, президент да, премьер-министр да мөөнөттөрү бүткүчө иштегенге мүмкүнчүлүк алды, бирок бул деген Бакиев мурдагыдай саясатын жүргүзө берет дегендик эмес, эгер саясатын өзгөртпөй турган болсо күрөш кайрадан уланат дейт.

«Алас» гезити, Бакиев жок дегенде Акаевдин тагдырынан сабак алып, бир туугандарын тыйып койсо, калп айтпаса, баарына бирдей карап түз жүрсө мындай акыбалга жетпейт эле деп жазат. Эми оңолбой калды, оңолбой калганы аз келгенсип, мурда элге жүзү жарык жүргөн Кыяс Молдокасымов, Адахан Мадумаров, Мурат Суталинов, Данияр Үсөнов сыяктуу кишилерди төбөсүнөн минип алып, өнбөс доого жумшай берип, биротоло элге жек көрүндү кылып бүтүрдү деп жазды.

«Айкын» гезити кечээ Жогорку Кеңештин алдында бийлик мажбурлоо жолу менен уюштурган антимитингде ырчы Бек Борбиев турганын, жөн турбай кыйкырып турганын, маркум Тынычбек Акматбаевди атып кеткенде да ушул эле жерден айтылуу ырчы «Куловго өлүм!» деп кыйкырып жүргөнүн, эми кечээ күнү ал уялбай- этпей эле «Жашасын Кулов!» деп кыйкырып олтурганын жазып, анан мындай адамдарга кантип таң калбайсың дейт. Бул эки гезит Кулов темасына да кыйла басым жасаган. Маселен «Айкын» гезити, Куловдун оппозицияга кошулбай койгону эң туура болду, эгер кошулганда ансыз да бийлик көзүр кылып кармап олтурган Түндүк-Түштүк ажырымы күчөп, уруш чыгып кетмек. Анда Бакиев бийлиги Акаевдикинен да жаман болуп урап түшмөк десе, «Алас» гезити «Куловдун максаты эмне эле?» деген суроо коюп, бир кезде бала-бакыра, тууган-туушкандарын тобокелге салып, түрмөдө олтурган «Куловго боштондук!» деп чыккан Шерниязов менен Атамбаевди, Куловдун азаттыгын «Асаба» гезитинен бери карай талап кылып, кан какшап келген Эшимкановду, түрмөкер Куловду кызматкер Куловго айландырам деп тандем түзүп шайлоого чыккан Текебаевди, буларга кошуп дагы бир топ адамды каматыш экен, дейт «Алас» гезити.

Бийлик өз элин эч нерсе түшүнбөгөн, айдаган жакка баса бере турган макулук катары ойлоп алып оңбогондой жаңылганын, Акүйдөгүлөр КТР аркылуу баягыдай эле кара жанын жеп турганын, байыртан келаткан «Калп ырыс кесет», «Калптын казаны кайнабайт» деген сөздөрдү Бакиев менен Кулов өмүрү угушпаганын, алардын «телибайчылыгы» акыры ушинтип өз баштарына тийгенин айткан «Алас» гезити аркылуу Ош облусу боюнча бокс федерациясынын президенти Аманбай Сатыбев.


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG