Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:24

АЛАТОО АЯНТЫНДАГЫ МИТИНГГЕ АКАЕВДИН КАТЫШЫ БАРБЫ?


“Реформалар үчүн” кыймылы тарабынан уюштурулган мөөнөтсүз митинг менен Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевди байланыштырган пикирлер бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылып да, айтылып да жатат. Айрыкча азыркы бийликти жактаган антимитингечилер баарысын уюштурган жана каржылаган Аскар Акаев болууда деген ойду байма-бай кайталап, кадимкидей айыптап киришти.

“Реформалар үчүн” кыймылынын мөөнөтсүз митинги менен экс-президент Аскар Акевди байланыштырган пикирлер Аскар Акаев Орусиянын “Эхо Москвы”, “Коммерсант” сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маектеринен, андагы божомол-бүтүмдөрүнөн улам арбып кеткендей. 8-ноябрь күнкү Бишкектеги антимитингде бул маселе кайта-кайта сөзгө алынса, Жалалабатта экс-президент Аскар Акаевди кармоо талабы коюлуптур. Ансыз Кыргызстанда стабилдүүлүк болбостугу эскертилиптир.

Ошол эле кезде мындай пикирлерди саясаттын шайтан оюну катары карагандар да бир топ. Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Өмүркул Дүйшөкеев мындай дейт:

- Акаевдин бу жерде эч кандай тиешеси жок.Эл Акаевдин чапанын жамынып, гөлөшүн кийип алып иштеген Бакиевге нааразы болуп атышат.

Аскар Акаевдин Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалга катышы караламан калк ичинде да чоң талкуунун бутасы. Кубат Карабековдун пикиринде, депутат Бабанов Акаевдин уулу менен алакалашкан байлыкты чачып, митингдерди уюштурушуп жүргөн имиш. Ал эми Марат Жунусов “Реформалар үчүн” кыймылынын жетекчилери Акаевди кандай жаман көрүшсө, Бакиевди да ошондой жектеп жатышат деп эсептейт.

“Эркиндик” партиясынын лидери, Бишкектеги антимитинг анабашысы Топчубек Тургуналиев азыркы оппозицияда дээрлик экс-президент менен ниеттештер, табакташтар олтурат деген оюн ортого салды:

- Аскар Акаев так ушул Текебаевди менден кийинки президент деп үч жолу кайталаганын эч ким унута электир. Эшимканов менен Иманалиев кезиндеАкаевди айга-күнгө теңеп китеп чыгарышкан. Бул бир. Экинчиси, Акаевдин учурунда мамлекеттик казынаны, элдин мүлкүн таламай башталып, Атамбаев, Байболов дегендер ошондон опсуз байып олтурушат.

Топчубек Тургуналиев азыркы оппозиция башчылары менен Аскар Акаевдин соңку байланыштарын да божомолдоп, быйыл апрелде Бермет Акаева оппозицияга 5 млн. доллар, андан кийин 1,5 млн. доллар акчаны Алматы аркылуу жөнөткөнүн айтат. Коомдук ишмер Жылдыз Жолдошева тигилердин тынымсыз митингдерине экс-президент 10 млн. доллар бергенин далилдейм деп жүргөнүн эскерет.

“Реформалар үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңеш депутаты Мелис Эшимканов айтылып келаткан дооматтарды жалаң саясий жалаа деп баалайт:

- Азыркы биздин кыймылдын башындагылардан бир гана Отунбаева беш-алты жыл иштешиптир Акаев менен. Башкаларынын бирөөсү дагы же мамлекеттик кызматта иштеп, же “үйбүлөгө” жакын болуп – андай эч нерсе жок. Тескерисинче, азыркы акүйдүн 7-кабатынан баштап, бардык бийлик бутактарында, андагы премьер-министр Бакиеви баш болуп, андагы вице-президент Кулову төш болуп, 95 пайызы Акаевдин “куйруктары”. “Алга, Кыргызстанда” Акаевдин этегине эрмешип жүргөндөр. Анан жаш балдардын “Өзүн жиндисиң” оюнундагыдай бизди акаевчылар дешкенине аргасыз күлкүң келет.

Азыркы саясий кырдаалга кыжыры келгендердин арасында, кызык жери, Акаевден жардам күткөндөр да жок эмес. 8-ноябрда Бишкекте болгон карама-каршы митингдерди көрүп жүргөн Кимсан Кубатбеков: “Аскар Акаев ушу эки жакты бириктиргенге жардам берсе жакшы болот эле…” - деп жалооруду.


Кожогелди Култегин, Бишкек

XS
SM
MD
LG