Орусиялык бийлик мындан үч жыл мурда эле губернаторлорду шайлоону жоюп аларды дайындоо тартибин киргизип атканда эле шаар башчысын да дайындоо демлгесин көтөрүптүр. Бирок ага Евробиримдиги каршы чыгып, так айтканда, Европалык муниципалдык түзүлүштөр Жыйыны каршы чыгып, токтоп калган экен. Ошол демилгесин жогорку бийликтин кайра жандантып атышы боюнча анализчилер ар кыл пикир айтышууда.
Элден мурда, жаңы долбоорду жазып чыгышкан депутаттардын бири Алексей Огоньковдун пикири билдик, ал мындай чыкты:
«Шаардын тургундары губернатор кандайдыр бир маселени чече албай турганын көрүшү, менимче, мамлекетти башкарып аткан бийликке шек келтирүү бул, дегинкиси - жаман. Долбоордун идеологиясы мына ушунда жатат», - дейт «Бирдиктүү Орусия» партиясынан шайланган депутат.
Мунун ылдый жакта тургандарды жогору жактан башкаруу системасынын чыңалышы деп айтат саясий анализчи Юрий Корганюк. Буга дейре ийге келтире албай келаткан жергиликтүү бийликтин эки тизгин бир чылбырын Кремлдин өз колуна алусу экенин айтат:
«Эгерде аймактын баш калаасынын жетекчисин (дайындап – ММ) губернаторго баш ийдирип берсе анда ал жактагы жападан жангыз кожоюн губернатор болуп калат», - дейт анализчи.
Областтык админстрация менен областтык баш калаалар жетекчилиги ортосунда системага айланып калган тымызын кармаш бар экенин Псков обулусунун губернатору Михаил Кузнецов айтат. Ошол себептен жаңы мыйзам ал кармашты тыят дейт:
«Мэрлерди шайлабай дайындоо жолуна өтүү кандай дебе азыркыга караганда алда канча жакшы», - дейт губернатор.
Бийлик партиясы муну алдыда келе жаткан шайлоолордо жеңишке жетишүү үчүн жазап атат дегендер да бар. Айта кете турган жери орусиялык элет жерлердеги калааларда башчы шайлоо кыйла талаш-тартышты жаратат. Маселен, 8-октябрде өткөн шайлоолордо Петрозаводск калаанын башчылыгын талашууга 9 талапкер, Липецки калаанын орду үчүн – 4, Ханты-Мансы орду үчүн – 6 ал эми Самаранын ордун талашуу үчүн – 21 талапкер катышкан.
Жаңы мыйзам кабыл алынып ал күчүнө киргенде орусиялык сексенден ашуун калаанын башчыларын Кремл өзү дайындап калат дешет.
Жаңы мыйзам долбоорун «Бирдиктүү Орусия» партиясынын үч депутаты 20-октябрде жазып Мамдумага сунуштаган. 8-ноябрде анын биринчи окулушу өтүп, бирок колго салуусу ары жылдырылган.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы