Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:42

БУШ “АКСАК ӨРДӨККӨ” АЙЛАНДЫ


Жорж Буштун бийликтеги мөөнөтү эки жылдан соң бүтөт. Бул убакыт ал үчүн кандай болот? Буга ачык жооп берүү кыйын, бирок көпчүлүк саясий аналитиктер Буштун бийлиги бир топ күчүнөн таят деп эсептешет. Буга эки себеп бар. Бийликтеги акыркы жылдарында АКШда ар бир президентке адатта “аксак өрдөктөй” карап калышат. Андан тышкары Бушка бул жолу эки жыл бою конгресстин эки палатасында тең көпчүлүк орундарды жеңип алган саясий оппоненттери - демократтар менен иштешкенге туура келет.

Нью-Йорк университетинин саясий илимдер боюнча профессору Роберт Спайтзер алдыдагы эки жылда президент менен конгресстин мамилеси негизинен эки тараптын ыкыласына жараша болорун айтып, жеке өзү демократтардын лидерлери менен тил табышуу Бушка бир топ кыйынга турат деген ойдо экенин билдирди. Ирактагы иштерге ичи чыкпагандар улам алысындап баратат, ички саясатта деле илгерилете турган маселелер аз. Жалпысынан президент Буштун конгресс менен мамыр-жумур иштей аларына ишенич анчейин деле көп эмес, дейт профессор.

Бейшемби күнү президент Буш Иракка байланыштуу демократтардын ар кандай сунуштарын талкуулап көргөнгө даяр экенин ырастады. Террорго карыш урушту ал АКШ үчүн өтө маанилүү милдет деп атап,кайсы партиянын мүчөсү экенине карабастан Ирактагы америкалык аскерлердин жеңишин камсыз кылуу баарына бирдей жоопкерчилик жүктөй турганын эскертти.

АКШда тышкы саясат, армияга командалык кылуу сыяктуу маанилүү маселелер өкмөттүн энчисине берилген. Бул укуктарды президенттен эч ким тартып алалбайт. Бирок конгресс өкмөттөгү дайындоолорду тастыктайт, бюджетти контролдойт, президент сураган чыгымдарды жактырып же четке кага алат, федералдык казына кайда жана кандай иштерге сарпталганын текшерип, териштире алат. Президентке кысым көрсөтүүнүн дал ушул күчтүү инструменттерин демократтар колдонобу?

Профессор Спайтзердин баамында, демократтардын лидерлери азырынча шайлоонун жыйынтыктары эле Бушту Ирактагы саясатын өзгөрткөнгө мажбур кылат деген кыязда турушат. Анын үстүнө конгресстеги демократтар чет өлкөлөрдөгү америкалык аскерлердин позициясына салакасын тийгизер кадамдарды жасоону каалабайт.

Мындай ойду Вашингтондогу саясий иликтөө борборундагы демократиялык институттун директору Патрик Башам да колдоду. Демократтар эгерим америкалык аскерлердин кусаматчысы деген атка калгысы келбейт. Ошондуктан Бушка алдыдагы эки жылда негизинен эл аралык иштер менен арпалышканга туура келет. Президент Билл Клинтон,мисалы,Ак үйдөгү акыркы эки жылын Жакынкы Чыгыштагы жаңжал менен алышып өткөргөн. Буш болсо Ирак өзүнөн мурас болуп каларын баштатан эле билген. Эми бул иш менен тарыхта жакшы же жаман ат менен калабы, ушуну чечкенге Буштун эки жыл убактысы бар, дейт Башам.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG