Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

“КОҢУР КҮЗДӨ” “ТАМАШАКӨЙЛӨРДҮН АЙЫЛЫНДА” 25 КАДР БАР


(Узап бараткан жуманын маданий окуялары )

Бул жумада Бишкекте «25-кадр” журналынын жаңы долбоорунун бет ачаар аземи болду. Ага бир катар коомдук жана маданий ишмерлер, Кыргызстандагы орус, казак, өзбек, уйгур, корей жана башка улуттардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышты. Аталган журнал буга чейин кыргыз элинин белгилүү инсандары тууралуу маалыматтарды чагылдырып келген болсо, мындан ары журналдын жаңы долбооруна ылайык Кыргызстанда жашап жаткан түрдүү улуттагы элдер, алардын тарыхы жана маданиятын, ошону менен бирге ал улуттардын өлкөнүн өсүп өнүгүүсүнө салым кошкон атуулдарынын ишмердүүлүгү чагылдырылмакчы.

Жума күнү Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде “Коңур күз” аттуу республикалык сүрөт көргөзмөсү ачылды. Сүрөтчүлөр биримдиги тарабынан уюштурулган бул иш-чарада сүрөтчүлөрдүн живопись, графика жанрындагы сүрөттөрү көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Ошону менен бирге бедисчилердин эмгектери жана чеберлердин колунан жаралган буюмдар көрсөтүлдү.

12-ноябрда Улуттук филармонияда “Тунгуч” тамаша театрынын “Тамашакөйлөрдүн айылында” аттуу концерттик программасы башталды. Аталган театрдын элет жашоосун чагылдырган бул программасы ушуну менен жыйынтыкталат, ал эми келерки жылдын башында көрүүчүлөргө кезектеги жаңы программасын тартуулайт.

Нарын облустук музыкалуу драма театрынын чыгармачыл жамааты ноябрь айынын ортосунда Кытай эл Республикасынын Кызыл-Суу облусуна концерт тартуулашы күтүлүүдө. Ушул апта ичинде Кытайга койулуучу концерттин программасын нарындык күйөрмандардын сынына коюшту.

-Бул чыгармачылык сапарга биринчи ирет жамаатты толугу менен алып барып жатам. Отуз кишиден турган өнөрпоздор эки өлкөнүн ортосундагы достук көпүрөнү түзгөнү бара жатабыз,-деди театрдын жетекчиси Абдыкадыр Жакшылыков.

Бул жумада “Кыз-Бурак” продюссердик борбору жаш эстрада ырчыларынын концертин тартуулады. “Жылдын мыкты ыры” номинациясын аныктоо максатында уюштурулган бул концертке кыргыз эстрадасында белгилүү болуп калган жаш ырчылары катышты.
Концертте ырчыларга “Кыз-Бурак” продюссердик борборунун белектери жана маданият министрлигинин дипломдору ыйгарылды.

-Жаш ырчыларга Mаданият министрлиги тарабынан көңүл бөлүнүп жатканы жакшы нерсе, бул биз үчүн чоң жөлөк болот. Бул сыйлык менин биринчи сыйлыгым, андыктан аябай толкунданып жатам”- дейт ырчы Неля.


Маданият министри Султан Раев ырчыларга сыйлыктарды тапшыруу менен бирге чыгармачылык ийгиликтерди каалап, келечекте министрлик тарабынан жаш ырчыларды дүйнөлүк аренага алып чыгуу аракеттери көрүлө тургандыгын билдирди. Концерттин уюштуруучусу, “Кыз-Бурак” продюссердик борборунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова өлкөдө болуп өткөн митингдер биздин иш чарага да терс таасирин тийгизди дейт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG