Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

ИСА ӨМҮРКУЛОВ: «КОЛ САЛУУНУ ҮЧҮНЧҮ КҮЧТӨР УЮШТУРУШУ ЫКТЫМАЛ»


12-ноябрдан 13-ноябрга оогон түнү Жогорку Кеңештин депутаты, «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү Иса Өмүркуловдун үйүнө 2 граната ыргытылган. Бул кол салууну Өмүркуловдун өзү азыркы бийлик эмес, үчүнчү күчтөр уюштурушу ыктымал же болбосо ири-ири ишкана, мекемелердин жетекчилери уюштурушу ыктымал деген божомолун «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди.

- Иса мырза, массалык маалымат каражаттары сиздин үйгө эки граната ыргытылды деп маалымат таратышты. Сиздин өз оозуңуздан уксак – окуя кандай болду, кыскача айтып өтсөңүз?

- Ооба, түндө 3төн 10 мүнөт өткөн мезгилде …

- Бул 12-ноябрдан он үчүнө огон түнү болуп жатат ээ, ушуну тактап кетсеңиз…

- Ооба, ошол түнү менин үйүмө - мен Бишкек шаарынын Орловская деген көчөсүндө турам – 3төн өткөндө жарылды да… Үйдө элек, эки жолу болгон жарылуунун үнүн уктук, үйдөн сыртка чыксак менин үйүмө эки гранат ыргытышыптыр, ал аскедик багытта пайдалана турган гранаталар экен…

- А сиз кантип билдиңиз ал гранаталар аскедик багытта пайдаланыла турганын?

- Мына бүгүн – 12-ноябрда менин үйүмө келген Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери келип, ошондой граната экенин тастыкташты. Анын жарылган чачырандылары коңшулардын үйүнө чейин тараган экен. Биздин үйдүн чатырынын бир бурчундагы темирдин баары жулунуп, тегеректеги кошуналардын короосуна чейин барып түшүптүр. Граната баламдын бөлмөсүнө тийген экен – кудай жалгап, айнектеги темир тосмого тийип, анан ылдыйкы чатырчага түшкөн экен, ошол балдарымды сактап калды деп ойлойм.

- Эч ким жабыркаган жокпу?

- Эч ким жабыркаган жок, кудайга шүгүр…

- Улуттук коопсуздук кызматынын айрым кызматкерлери мындай болжолдорду айтышты – үчүнчү тарап уюштурушу ыктымал, болбосо Иса Өмүркулов менен мурда чогуу иштеген адамдар жасашы мүмкүн, дешти. Сизде кандай болжолдор бар?

- Менин саясий көз-карашыма каршы адамдар мындайга эч убакта барбайт го деп ойлойм. Мен буга терең ишенем. Ал эми үчүнчү күч уюштурушу ыктымал дегенге ишенем, себеби президент К.Бакиевдин жанында президент болом деген адамдар бар бүгүн. Азыркы тапта президент менен оппозиция тил табышканын жаңы Конституция айгинелеп турат. Ошондуктан мунун президент К.Бакиевге да кереги жок. Менин позициям – ал киши өз мөөнөтү бүткөнчө иштеши керек. Ошол себептен үчүнчү күч деген болжолго мен да ыктап турам. Андан тышкары мен сессияда мамлекеттик казынага акча бере турган ири-ири ишкана, мекемелер боюнча дайыма калыс пикиримди, алардын ишин сындаган оюмду айтып келгем. Ошол дагы бир себеп болушу ыктымал…

- Демек, сиз бул окуяны депутаттык ишмердигиңиз менен байланыштырат экенсиз да, туурабы?...

- Ооба, мен энергетика тармагындагы башаламандыктарды, Канттагы цемент-шифер комбинатынын ишине байланыштуу сындарымды айтып келатам. Цемент-шифер комбинатынын баа саясаты боюнча, анын жалпы иши боюнча депутаттык комиссияны жетектегем. Андан тышкары соңку кезде мен «Кыргыз темир жолдун» жетекчилигин да сындар келатам, анын жетекчилиги дагы уюштурушу ыктымал. Кыскасы, президент Курманбек Бакиевдин жеке аброю ушул кылмыштын бетин ачууга да байланыштуу болуп турат деген менин жеке оюм бар.

- Укук коргоо органдары гранатанын маркасын аныкташтыбы, алар кандай иштеп жатышат?

- Мен эми адис эмесмин. Бирок менин үйүмө Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаары боюнча жетекчиси, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси келишти. Алардын айтымында – граната РГД деген маркада экен.

- Сизге ырахмат, сак-саламатта болуңуз.

Маектешкен Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG