Түркстан генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу генерал-лейтенант Г. А. Колпаковский 1873-жылдын 13-ноябрында Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздардын келгендигин кабарлаган. Кокон ханы Худаяр көрсөткөн кордукка нааразы болгон кыргыздар Хожент уезддик начальниги генерал-майор Эйлерге көтөрүлүштүн чыгыш себебин түшүндүрүшкөн. Кайрылууда көтөрүлгөн кыргыз уруулары жана алардын саны маалымдалып, мындан тышкаары, Сырдарыя жана Жетисуу областтык бийликтерине тышка жер которгон кокондук кыргыздарды кайра көчүрүү талабы коюлат.
Фрунзе шаарында чыгуучу айрым гезиттер 1928-жылдын 13-ноябрында Эт комбинатынын курулуш участкасында Ала арча суусунун эски нугу жана анын боюна төшөлгөн таш жолдун табылганын жазып чыгышты. Ленинграддан чакырылган археологдордун таш жол байыркы заманда салынган деп аныктаганына карабастан, жергиликтүү бийлик эстеликтин баалулугуна көңүл бурган эмес. Ошентип, таш жолдун салынган мезгили аныкталбай, тарыхый мааниси ачылбастан ишкана курулушунун алдында калып кеткен.
1934-жылдын бу күнү Фрунзе шаардык партия жана комсомол комитеттери «Советская Киргизия», «Кызыл Кыргызстан» гезиттери менен биргелешип жыйын өткөрдү. Жыйында партиялык принцип жана партиялык уюмдардын ишин уюштуруу маселеси каралды. Айрым «жолдоштордун» белгилөөсүнө ылайык пратия катары шектүү элементтер менен толукталып атышы анын тазалыгына доо кетирип баштаган. Ошондуктан, алар маалымдоо каражаттарынын жардамы менен партия катарын тазалоо ишин баштоо туурасында чечим чыгарышкан.
1989-жылдын 13-ноябрында Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетиндеги идеологиялык комиссия мамлекеттик тил Мыйзамынын комплекстүү колдонушу туурасындагы программаны жактырды. Кыргыз республикасындагы мамлекеттик тилди колдонуу программасы 2000-жылга чейин эсептелип, анда кыргыз тилинин колдонулуш тармагы, окутулуш жагдайы каралган. Мындан тышкаары орус тили улут аралык данакер кызматын аткарып, эки тил ортосундагы ичара мамиле да аныкталган.
Бу күнү, азиздердин эларалык күнү белгиленип, 1093-жылы англичандар менен согушта Шотландия королу Малкольм III өлтүрүлүп, айтылуу Шекспир анын прототибине «Макбет» трагедиясын жазып, 1872-жылы Лев Толстойдун «Азбукасы» жарык көрүп, 1730-жылы полководец Александр Суворов, 1745-жылы француз педагогу Валентин Гаюи, 1850-жылы англис жазуучусу Роберт Стивенсон жарык дүйнөгө келген.
Муратбек Кожобеков