Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

ПАРЛАМЕНТ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯДАГЫ БИЙЛИГИН ЖҮРГҮЗӨ БАШТАДЫ


Кыргыз парламентинин бир катар депутаттары конституциялык реформадан кийин түзүлгөн жаңы саясий жагдайдын талабына ылайык Өкмөт курамын кайра карап бекитүү жөнүндө маселе көтөрүштү. Бирок, депутаттардын экинчи бир тобу мындай талаптарды коюу кайрадан бийлик менен оппозициянын гана тирешүүсүнө алып келет деп каршы чыгууда.

Депутат Азимбек Бекназаровдун айтуусунда Конституциялык реформаны кабыл алуу менен азыркы парламент экинчи тарыхый иш жасады. Эми Конституциянын жаңы редакциясы күчүнө кирген соң, анын талаптарын аткарууну баштоо керек деген сунушун билдирди депутат:

-Бүгүн парламенттин алдында үчүнчү тарыхый чоң миссия турат. Бул — ошол Конституциядагы жоболорду ишке ашыруу. Мен силерди чакырып кетер элем, эгерде биз президент бир жарым жыл кечеңдеткендей кечеңдетсек, шайлоочуларыбыз бизди кечирбейт. Алар бир жарым жыл күтпөйт, эки айдан кийин эле “Парламент жоголсун!” деп Жогорку Кеңештин алдына келип калышат.

Ал эми депутат Кубатбек Байболов парламент ишти өкмөт мүчөлөрүн өзгөртүү менен баштоо керек деген пикирде: -Азыр жаңы жагдай. Саясий жаңы жагдай түзүлбөй туруп, парламенттин аткаруу бийлиги катары өкмөткө болгон таасири күчөдү. Ошондуктан, эл ишенимине ээ болгон талаптар парламенттен да көз каранды болуп калды. Эми биз бир беткей эле бийликтен суранып, бийликтен талап кыла бербей, Жогорку Кеңеш өзү дагы ошол чечимдерди кабыл алып башташы керек.

Бирок өкмөттү жаңылоонун зарылчылыгы жок деген пикирдеги депутаттар да бар. Исхак Масалиевдин айтуусунда буга чейинки оппозициянын талаптары токтотулган: -Бул талаптар ошол келишим болгон түнү эле токтотулган. Бардык саясатты жыйыштырабыз деп миңдеген элди таратканбыз. Ал эми Конгантиев бирөөгө жагабы, жакпайбы, аны кызматтан алуу баары бир президенттин укугунда. Анын үстүнө президентке мындай укукту биз өзүбүз бергенбиз. Менимче бир-эки жума биз жаңы Башмыйзамды талкуулап туруп, кээ бир маселелерди чечсек болот. Ал эми президенттин укугу, парламенттин укугу жана өкмөттүкү, кимдин укугу көбүрөөк, кимдики азыраак деген талкууларды токтотуу керек. Бул конфронтацияга гана алып барат.

Исхак Масалиевдин сөзүнө депутат Садыр Жапаров кошулат. Анын айтымында өкмөт мүчөлөрүн алмаштыруудан мурун Конституциянын жаңы редакциясындагы айрым бири-бирине карама-каршы келип калган беренелерди кайрадан карап чыгууну жана алты ай ичинде мыйзамдарды жаңы Башмыйзамга ылайыктап жазып чыгуу керек:

-Мунун баары Конституцияны шашылыш кабыл алуунун негизинде келип чыкты. Ошондуктан, биз алгач Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду, түзөтүүлөрдү киргизип, оңдоп алууга тийишпиз,-деди Садыр Жапаров.

Бирок, ошол эле учурда парламент жаңы ролун баштоого али эрте деген ойлор да айтылып жатат. “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев өкмөттүн саясатына депутаттар да жооп берүүгө даяр болуп, өкмөт менен парламент бир бүтүн саясий организмге айланганда гана парламент толук иш баштоого кирише алат деген сөзүн айтты:

-Калыптандыруунун жаңы эрежелери иштеп, ошонун негизинде жаңы өкмөт болгондо гана парламент өзүнүн жаңы ролуна кирди деп айтууга болот. Мында парламенттеги көпчүлүк менен өкмөт бир бүтүн саясий организм болуш керек, алар бири-биринин ишине жооп бергендей тилектештик саясат менен иштеш керек. А бүгүн андай эмес. Бүгүн парламентте андай топ жок. Баары четте карап туруп, эл алдында сындап, бирок өкмөттүн саясатын жашыруун колдоп берет,-дейт Өмүрбек Текебаев.

Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG