Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

ТҮШТҮК ОСЕТИЯДАГЫ РЕФЕРЕНДУМ


Грузиянын курамына кирген Түштүк Осетия жумуриятында 12-ноябрда президенттик шайлоо өткөрүлдү жана аны менен кошо шайлоочулар жумурияттын эгемендүүлүгү боюнча референдумдун суроосуна да жооп беришти. Расмий жыйынтык чыгарыла элек, бирок алдын ала алынган маалыматтарга караганда, шайлоочулардын дээрлик бардыгы эгемендүүлүк үчүн добуш берди.

Түштүк Осетия жумуриятында бардыгы болуп 78 шайлоо чөлкөмү түзүлгөн, тоолуу аймактарда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыктары борбор калаа Цхинвалгиге али жете элек, бирок 64 шайлоо чөлкөмүндө чыгарылган жыйынтыкка караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 95 пайызына жакыны катышкан. Алардын 96 пайызы азыркы президент Эдуард Кокойтыны колдоп, аны экинчи мөөнөткө жетекчи кылып шайлады, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясы.

Андан тышкары шайлоо учурунда - "Сиз Түштүк Осетиянын эгемендүү жумурият катары азыркы макамын колдоп, анын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылышына макулсузбу?" деген суроо дагы референдумга коюлган. Шайлоо комиссиясынын айтымында, добуш бергендердин 99 пайызы аз суроого "макулмун" деп жооп берген.

СССР чачырагандан кийин Грузиянын курамындагы үч автономия - Абхазия, Ажария жана Түштүк Осетия анын курамынан чыгып, өз алдынча жумурият болуу аракеттерин көрө баштаган, Тбилиси аларга каршы күч колдонгондо, алар Грузиядан көрө Орусия федерациясынын курамына киребиз деп чыккан жана Маскөө аларга каражат жагынан дагы, аскерий да колдоо көрсөткөн.

Натыйжада согуш майданында Грузия утулган жана аталган үч жумурият Тбилисиден көз карандысыз аракеттене баштаган, алардын калкынын дээрлик бардыгы орус паспортторуна ээ болгон жана грузиндердин көпчүлүгү бул автономиялардан куулуп чыккан.

Грузиядагы бийликке мындан үч жыл мурда Михаил Саакашвили келгенден кийин, ал Ажария маселесин чечүүгө жетишти жана анын мурдагы президенти Аслан Абашидзе Орусияга качууга аргасыз болду. Бирок Абхазия менен Түштүк Осетияга Маскөө андан кийин катуу колдоо көрсөтө баштады жана алардын эгемендүүлүгү боюнча маселени орус саясатчылары Сербиянын курамындагы Косово автономиясы менен байланыштырууда.

Косоводо жашаган мусулман албандарга каршы Сербия жетекчилиги тукум курутуу аракеттерин көргөндөн кийин аймакта Бирикккен Улуттардын башкаруучулугу орнотулган жана дүйнө коомчулугу Косовону жакын арада эгемендүү жумуриятка айлантууга даярданууда. Орус президенти Владимир Путиндин айтымында болсо, эгер Косово өз алдынча мамлекетке айланса, ошондой эле жолду Грузиядагы Абхазия менен Түштүк Осетия жана Молдовадагы Днестр жумурияты дагы жолдойт. Анткен менен, аны менен катар, анда Орусиянын өзүнүн курамындагы Чеченстан же Татарстан сыяктуу жумурияттардын тагдыры кандай болоору белгисиз.

Түштүк Осетиядагы шайлоо бүткөндөн кийин президент Кокойты - бул жумурият жөн гана эгемендүү болбостон, келечекте Түндүк Осетия менен бириге турганы жөнүндө да айтты: "Мен ишенем, силердин баарыңар менен бирге биз өз алдыбызга койгон максатка жетебиз жана келечекте эркин, эгемендүү жана бирдиктүү Осетияда жашайбыз", - деди Кокойты добуш берүү аяктагандан кийин Цхинвали шаарында чогулган эл алдында.

Батыш саясатчылары Осетиядагы референдумдун жыйынтыктарын алар тааныбай турганын билдирген. Түштүк Осетия калкынын 40 пайызга жакынын грузиндер түзөт жана 12-ноябрда алар өз алдынча шайлоо да өткөрүштү. Грузия тараптын айтымында, алардын 88 пайызы Түштүк Осетиянын мурдагы премьер-министри жана жумурияттын Грузия курамында калышын колдогон Дмитрий Санакоев үчүн добуш берди.

Грузиянын Европалык биригүү маселелери боюнча парламенттик комиссиясынын төрагасы Давид Бакрадзенин айтымында, мунун өзү эле маселе канчалык татаал экенин көрсөтөт: "Эки жумурият ортосунда конфликт болуп турган учурда эч кандай легитимдүү шайлоо тууралуу сөз болушу да мүмкүн эмес. Бирок расми шайлоо менен кошо альтернативдүү добуш берүү болгонунун өзү жана ага катышкандар Кокойтыдан башка талапкерди колдогону - Цхинвали аймагында жашаган калктын кайсы бир бөлүгү Кокойтынын кылмыштуу режими алдында жашоону каалабаганын көрсөтөт", -деди Грузия депутаты.

Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG